Жеки Чан


Же́ки Чан (англ. Jackie Chan, кыт. 成龍, Чең Луң, кыт. 陳港生, Чен Гаңшең («Гоңконгдо туулган Чен»), кээде Чан Коңсаң жана Фан Шилуң деп айтылат. 7 апрель 1954 жылы Гонконг шаарында туулган) — гонконг жана америка актёру, каскадёр, кинорежиссёр, продюсер, сценарист, трюктарды жана мушташуу оюдарын коюуучу, ырчы, ООНдун өз эркинче элчиси.

Чан — уруш жанры жагынан дүйнөдөгү абдан популярдуу актёрлордун бири. Ал өзүнүн акробатикалык уруш стили менен, комедия жагына таланты менен жана урушта ар кандай нерселер менен мыкты колдоно алуусу менен белгилүү. Жеки 100дөн ашык тасмаларда башкы каарманды ойногон жана эң белгилүү Азия актёрлорунун бири болуп саналат. Тасмадан тышкары ырчылык өнөр менен да алектенип, өзүнүн көптөгөн тасмаларындагы ырларды өзү ырдап келет. 1980 жылдан тартып жеке альбомдорун чыгарып турат.

Британ империясынын орденинин кавалери.

Жеки кытайдын кедей үй-бүлөсүндө туулган. Анын ата-энеси Чарльз Чан (1914—2008) жана Лили Чан (1916—2002) граждандык согуш учурунда Гонконго качышып, ал эми 1960 жылы Австралияга көчүп барышкан. Көчкөнгө чейин алар Гонконгдо Франциянын элчилигинде үй жыйноочу жана короо кароочу болуп иштешкен.

Алгач, ал «Nah-Hwa Primary School» деп аталган баштапкы мектепте окуп, бирок, 6 жашында Гонконгдо пекин операсынын мектебине берилет. Сценалык даярдыктан тышкары, бул мектеп кичинекей Чанга денесин мыкты башкарууну үйрөтөт. Чан мындан тышкары кунг-фу деп аталган уруш искусствосу менен да алектенген. Актёрдун бул балалык чагын "Боёлгон беттер" (1988) аттуу тасма чагылдырган.

Жеки 8-10 жашында эле "Түбөлүк сүйүү", "Чоң жана кичине Вонг Тин Бар", "Цинь Сянлянь тарыхы" аттуу кинотасмалардын эпизоддорунда роль жарата баштайт. Кийинчерээк, трюктарга аралаша баштаган, тагыраак айтканда "Жин муштуму" (Кулак ярости) жана "Дракондун чыгышы" аттуу Брюс Линин катышуусундагы тасмаларда трюк жараткан көпчүлүктүн ичинде болгон.

1976-жылы Жеки Канберрага ата-энесинин колуна келет. Ал жерден бир азга «Dickson College»де окуп, куруучу болуп да иштеп калат.

Тасмадагы карьерасын каскадёр катары баштаган. Кээ бир учурда аны эпизоддорго жана кичинекей роль жаратууга чакырып турушкан. Кунг-фу, акробатиканы ишеничтүү билип , жакшы пластика жана сценалык өнөрдү мыкты билген Чан 1970 жылдардын аягында чоңураак ролдорду жаратып, кийинчерээк өзү тасма тарта байштайт. Ал комедия менен уруш искусствосун, кадимки көчө согушун аралаштырып, көңүл ачуучу тасмаларды жасап, акырындан жаңы киножанр түптөп баштаган.

Жеки Чанды таанымал кылган алгачкы «Змея в тени орла» аттуу тасма болгон. Тасманын режиссёру Юань Хэпин Жеки Чанга трюктарды өзү ойлоп таап, тасмага коюууга уруксат берет. Бул тасма уруш искусствосу колдонулган комедия жанрында жаралат. Ушул эле жылы Чан «Кызуу чебер» тасмасына тартылат. Ушул тасма Жекинин таанымалдуулугун арттырып, ийгиликтүү карьеранын башталышына түрткү болгон. Тасмада Чан - Вон Фэй Хун деп аталган ичкич, кыйратпаган, өзүнө анча окшошпогон адамдын ролун жаратат. Бул жагынан тасма новатордук болуп чыга келген. Ошондой эле Чан менен карган актёр Юэн Сю Тьендин (Саймон Юэн деген ат менен да белгилүү) комедиялык дуэти да ийгиликтүү болот. 1980 жылдары ал, башкы каарманды Саммо Хунг аттуу актёр ойногон «Бактылуу жылдыздар» тасмасында экинчи пландагы роль жаратып, мындан тышкары бир топ тасмаларда ойнойт. 1983 жылы "«А» Проектиси" (Project «A») тасмасында тартылып жүргөн кезинде официалдуу түрдө өзүнүн каскадёрлук тайпасын түзөт. Кийинки калган тасмаларында "Жеки Чандын каскадёрлук тайпасынын" жардамы менен иштешет. Чан 1980 жылдары "Чоң уруш" ("Болшая драка"), "Замбирек маңызы" жарышы"("Гонки „Пушечное ядро""), "Коргоочу" ("Покровитель") аттуу тасмалары менен америка киноиндустриясына чыгууга бир нече аракет кылат. 1990 жылдары Чанга 2 жолу терс каармандын ролун сунушташкан. Бирок, экөөндө тең Чан, терс каарман ойноочулардын стереотибине кирип калуудан коркуп, андан баш тарткан. Биринчисин Голливуд жылдызы Сильвестр Сталлоне Саймон Феникс деп аталган каракчынын ролун сунуштаса (аны Уэсли Снайпс ойногон) ), ал эми экинчисинде "Өлтүрүүчү курал 4" ("Смертельное оружие 4") тасмасында да каракчынын ролун сунушташкан (бул ролду Джет Ли ойногон). 1994 жылы MTV телеканалы Жеки Чанга кинематографиядагы жалпы жетишкендиги үчүн сыйлык тапшырган.

Жеки Чанга чыныгы ийгилик 1995 жылы «Бронкстогу талаш» («Разборка в Бронксе») тасмасынан кийин келген. Ал киреше табуу жагынан Чоу Юнь-Фат жана Мишель Ё атту актёрлордон кем калган эмес. Көрүүчүлөргө Чандын башка иштери да жаккан. Мисалы, «Биринчи сокку», «Громобой», «Шанхай түш маалы» («Шанхайский полдень»). «Жеки Чандын окуялары» мультсериалы да ийгилик жагынан артта калган эмес. Ар бир бул сериал бүткөн соң Жеки күйөрмандардын суроолоруна жооп берип турган. 2011 жылдын сентябрь айында Жеки Чандын жүзүнчү тасмасы — «1911» жарыкка чыгат.

2012 жылдын июль айында San Diego Comic-Con International фестивалында Жеки Чан «Неудержимые 3» тасмасына тартылууга кызыктар экенин билдирди.

Чан ийгиликтүү поп-аткаруучу катары да белгилүү, 1984 жылдан тартып 100дөн ашык ыр жазып 20 альбом чыгарган. Ал кытай, жапон, англис тилдеринде ырдайт. Ошондой эле өзүнүн тасмаларынын башкы ырларын дагы өзү ырдайт, бирок ал тасмалар Европа жана АКШга чыгаарда башка ырларга алмашылат.

Чан өзүнүн кайрымдуулук иши менен да кеңири белгилүү жана ар-түрдүү долбоорлорго катышып турат. "Жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылууга каршы", 2004 жылы Инди океанында цунамиден, Кытайдагы суу ташкынында жабыр тарткандарга жардам ж. б. акцияларда өз каалоосу мнен элчи катары иш алып барган. 2006 жылдын июнь айында өзүнүн байлыгынын жарымын кайрымдуулук максатта жумшоорун билдирген. 2003 жылы катышуучулары жер жүзүндөгү тынчтык үчүн чыгышкан «United Buddy Bears» аттуу көргөзмөнүн Гонгконгго келишин чакырган. Бул көргөзмөнүн ачылышында Чан ЮНИСЕФ жана башка эки балдар уюмуна 4,14 млн гонконг долларын барабар болгон чек тапшырган.

Гонкогдо "Жылдыздар авенюсунда"("Авеню Звёзд"), Голливудда "Жылдыздар аллеясында" , ошондой эле Москвада Эски Арбатта Чандын жылдызчалары бар. Чан жөнүндө жазылган китептер аз эмес. Акыркысы Василий Москаленконун «Хроники Джеки Чана» аттуу фантастикалык китеп. Жазуучу бул китепти жазууга Жекинин өзүнөн уруксат алган.

Чан, Брюс Ли жана ага окшогондордун образын туурабай, тескерисинче аларга карама-каршы образ жаратканын ырастайт. Брюс Ли кайраттуу, чыдамкай баатырдын образын жаратса, ал эми Жеки тескерисинче, жөнөкөй, жалкоорок, үй-бүлө, достору, сүйгөн кызы менен начарыраак мамиледе болгон, бирок боорукер, кубаттуу адамдын образдарын жараткан. Акырында бирок, Жекинин образдары кыйынчылыктарга карабастан жеңишке жетип турат.

2000 жылдары Чан жанр, сюжет, тасмадагы баатырлар жагынан кеңири байкоо жүргүзөт. Интервьюлордун биринде, тасмада ойной ала турган аскер эмес, согуша ала турган актёр экенин далилдегиси келгенин билдирген.

Чан трюктардын көпчүлүгүн өзү кылаарын, ошондой эле, кээде башка актёрлордун трюктарын дагы жасап бергенин айтат. Бирок трюктарды 100 пайыз аткарат деп айтуу туура эмес, анткени "Смокинг" («The Tuxedo») тасмасында, Жекинин ордуна 7 дублёр тартылган.

Трюктарды аткаруу убагында көптөгөн жараатарды алган. Ушу себептен Жеки дүйнө боюнча бардык кепилдик берүүчү компаниялардын кара тизмесине кирет. (Көбүнчө тасмаларынын акырында анын окшошпой калган трюктары, кээде жараат алган көрүнүштөрү көрсөтүлөт). Эң кайгылуу натыйжа 1986 жылы "Кудайдын жабдыктары" (" Доспехи бога ") тасмасында, бактан кулагандыктан мээсинен оор жараат алып, өмүрүнөн айрылып кала жаздаганда болгон. Азыркы учурда абдан оор трюктарды жасоодон качат.

Көп убакыттын бери Чан бир канча жолу жанбашынын чыгып кетишин, колу-буттарынын манжаларынын сынышын, бет сөөгүнүн, мурдунун, моюн сөөгүнүн, кабырга жана далыларынын сынышын башынан өткөргөн.

Жеки деген ат менен белгилүү болгонго чейин көптөгөн ысымдарды колдонгон. 5,5 кг болуп төрөлгөндүктөн апасы Пао Пао ("замбиректин маңызы" ("пушечное ядро") деген ат берген. Кийин опералык мектепте Чанды мугалиминин урматына Юэнь Ло деп аташкан.

1976 жылга чейин Чен Юэн Лун (Yuen-Lung Chan) деген ысым менен белгилүү болот. Андан кийин Австралияда куруучу болуп иштеп жүргөн убакта досторунан Жеки деген атка конгон. Аны ошондой эле Син Лун (Sing Lung, «кичинекей ажыдаар») деп да аташчу.

Yuan Lung Chan, Lung Chen, Long Cheng, Wellson Chin, Baseball Bat (коркунучтуу, учуу менен байланышкан трюктарды өзү аткаргандыгы үчүн) деген ысымдар менен да тасмага тартылган.

Тайвань актрисасы Линь Фэнцзяого үйлөнгөн. Өмүр баянында үйлөнгөн жылы 1983 деп келет, бирок көптөгөн булактар 1 декабрь 1982 жылды айтышат. 1982 жылдын 3 декабрында Чан Цзоминг (Джейси Чан) аттуу баласы төрөлгөн.

Ошондой эле Жекинин Элейн У Цили аттуу никесиз аялынан Этта У Чжолинь (Нг Чхёклам, 1999 жылдын 19 ноябрында төрөлгөн) аттуу кызы бар. Бирок Жеки аны официалдуу түрдө кызы катары тааныбайт.

Жеки буддист болуп саналат.

2009 жылы Чан Камбожда университетинин ардактуу доктору наамын алган.

1962 жылдан тартып Жеки Чан 100 ашык тасмаларда тартылган .

Жеки Чан терс каарманды ойногон бир канча тасмалар бар:

Кийинчерээк батыш студияларынын сунушуна карабай, терс каармандарды ойногон эмес.

Кээ бир интервьюлорунда, Чан гидрофобиядан азап чегээрин айткан. Эл аралык каскадёрлор сыйлыгын ээси, кунг-фу чебери, жана жөн эле мыкты актёр, жакында, суудан коркоорун моюнга алды.




Жеки Чандын өмүр таржымалы
Жеки Чан
Жеки Чандын Орусиядагы официалдуу эмес сайты

2016-08-11 54 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11