Жекеге чыгуу


Жекеге чыгуу — чоң беттешүүлөр алдында эки тараптан эки тандамал жоокер ортого чыгып салгылашканы. Ж. ч. эпосто кеңири орун алган. Мисалы, "Нескара менен Манастын урушу" окуясында душман жоокери Даң-Даң менен Күнөс балбандын Ж. ч-су сүрөттөлөт. Алар адегенде найза менен сайышат. Андан кийин күрсү менен чабышат. Калканга күрсү тийгенде добушу күндүк жерге угулуп турат. Акырында жакадан кармап эңишет. Бул Ж. ч-да Даң-Даң Күнөстү жеңет. "Ажалыңды сагынган адам болсоң келгин", — деп Даң-Даң кайрадан жекеге чакырып айгай салат. Даң-Даң жекеге чыккан Айдаркандын колунан өлөт (Сагымбай Орозбаков, 1. 219—222). Ж. ч. эпосто Манастын Чүйдөгү Акунбешимди жеңген бөлүмүндө да кенен кесири сүрөттөлөт. "Ак жалдуу кара ат минип, айчыгы алтын тон кийип, көмкөрө калкан тартынып, көпкөк темир артынып, Акунбешимдин Кегети деген жайсаңы жекеге чыкты. Ага каршы Манастын Абдылда чечен баатыры барды. Адегенде ал экөө ээринин кашы, как жүрөктүн башы — деп бири-бирине найза сайышып өтүштү. Найзаларын тирешип, үзөңгүнү чирешип, аянбастан сайышып, аттардын бели майышып, көпкө кармашты. Найза менен жеңише албай, албрас кылыч алышып, аркы терки салышып, алтымыш, элүү жолу чабышты. Андан да бири-бирин алыша албай, айбалта жондон чечишип, айкырышып жетишип, айбалта менен элүү, кырктай жолу чабышты. Мындан да айла болбоду, күүлөп күрсү алышты, күчү менен салышты. Күрсү күчтүү чабылып, туулгага калкан жабылып, болотко болот тийгенде тутанган оттой көк жалын, туш-тушка чагылып, толгонушуп турушту, токсон-сексен урушту. Андан да арга болбоду. Жааны колго алышып, күчүгөн жүндүү сыр жебе, киричине чалышып, элүүдөн огу түгөнгүчө атышты. Анда да бирин-бири жеңбеди. Мылтыктарын октошуп, милтелерин чоктошуп, эки бөлөк турушуп, мылтык атып урушуп, жүздөн огу түгөндү. Күн тийгенде салышкан ал экөө бир бирине жеңише албай күүгүм кирип күн батып жай жайына барышты" (Сагымбай Орозбаков, 2. 130—133). Бул үзүндүдө Ж. ч-га мүнөздүү негизги белгилер толугураак чагылдырылган. Ж. ч. "Манас" эпосунда гана эмес жалпы түрк-моңгол элдеринин эпосторунда чагылдырылган согуштук эреже болуп саналат. Ал биринчиден, бардык элдердин эпосторунда апыртуу менен коштолот. Тоолор түздүккө айланат, деңиздер чайпалат жана башкалар Мындай апыртуулар "Манаста" да учурайт: "Күүлөп күрсү алышты, Күчү менен чабышты, Күндүк турган эл укту, Күрс деп чыккан дабышты" (Сагымбай Орозбаков, 2. 131) жана башкалар Ж. ч-нун алдында жоокерлер бири-бирин шылдыңдап, кордоп, коркутуп сүйлөшөт. Бул душманынын кыжырын келтирип, жинине тийүү максатын көздөгөн. Ж. ч-да эгерде душман картаң болсо, карысың деп, жаш болсо, али баласың деп кордойт. Кошой менен Жолойдун балбан күрөшүндө Жолой Кошой ду "Кара сакал агында, Карууңдун кеткен чагында, Казаң жакын табында... Жашыңдан киши чыга албай... Карганда түшүп балбанга... Бир башында Кошоюм, Миң жаның болсо коёмбу. Ичип канга тоёмбу",— деп кордоп, коркутат. Ага жооп катары Кошой Жолойду канча жолу кармаштарда жеңип уят кылгандыгын айтып, азыр да жерге киргизе чабарын эскертет. Күрөштө Кошой жеңип байгени алат. Мындай кордоолор, коркутуулар эпостогу жекеге чыккан окуяларда арбын учурайт. Жогоруда келтирилген "Ажалыңды сагынган, Адам болсоң келгин" деген сап Ж. ч-дагы коркутуунун бир үлгүсүнө жатат. Ж. ч-дагы курал алмашып салгылашуу жалпы түрк-моңгол элдеринин эпосторуна мүнөздүү. Ж. ч-да курал алмашып салгылашуу, куралдын сынып, жарабай калгандыгына, көбүнчө бир курал менен салгылашып жеңишке жете албай калгандыгы менен байланыштуу. Же болбосо бардык куралдар менен салгылашып бири-бирин жеңе албаган соң куралсыз кармашуу көпчүлүк түрк-моңгол элдеринин эпосторунда кездешет. Мисалы, огуздардын "Коркуд ата китеби" эпосундагы Ж. ч. күрөш менен аяктайт. "Манаста" да Даң-Даң менен Күнөстүн Ж. ч-су эңишүү менен бүтөт. Эпостогу көптөгөн Ж. ч-ларда жеңген баатыр жеңилген баатырдын минген атын олжого алат. Душман жоокери Жамыра менен болгон жекеде Көкчө жеңишке жетишип, анын аты Алагерди алып кетет. Эр Тулус менен болгон жекеде согушта Манас аны өлтүрүп, атын алып келгендиги айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 139).

2016-08-11 44 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11