Жеке кыйроо (авария)


Жеке кыйроо (авария) – деңиз укугунда жалпы кыйроонун белгилерине жатпаган чыгымдар. Мындай чыгымдар кеме, жүк жана киреакы ортосунда бөлүштүрүүгө жатпайт, аларды жабырлануучу же анын себептерине жооптуу тартат. Кээбир өлкөлөрдүн мыйзамдары Ж. к-го жаткан чыгымдардын түрлөрүн атайы белгилейт: деңиз соодасынын салттарын жана эрежелерин бузуу менен кемеде ташылып баратканда борттон сыртка серпилип салынган жүктөрдүн наркы, каттамдын узактыгынын созулуп кетүүсүнө байланыштуу тартылган чыгымдар жана жоготуулар (токтоп туруудан, бааларды өзгөртүүдөн ж. б.).

2016-08-11 38 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11