Жек Лондон


Жон Гриффит "Жек" Лондон ( John Griffith Chaney,12-Январь (үчтүн айы),1876 - 22-Ноябрь (Жетинин айы), 1916)жазуучу, журналист ж-а коомдук активист. Американын прогрессивдүү жазуучусу Жек Лондон Калифорния штатынын чоң порттуу шаары Сан-Францискодо, жарды фермердин үй-бүлөсүндө туулган. Жазуучунун балалык чагы учтан-түпкө кысымчылыкта жана жакырчылыкта, кыскасын айтканда, кыйынчылык шартта өткөн. Жазуучулук даражага жеткенге чейин ал ар түрдүү кесипти башынан өткөргөн. Ал 11 жашында көчө кыдырып газета сатты, андан соң балык уулады, консерва заводунда, кендир ийрүүчү фабрикада жана кир жуучу жайда жумушчу болуп иштеди, матрос болуп Япония менен Арктиканын жээктерине чейин сүзүп барды жана репортёрлук кызматты аткарды, жумушсуз калгандыгы үчүн түрмөгө да түштү. Лондондун уй-булосу жумушчу тобуна киргенине карабастан, эмгектеринде озу басым кылганчалык кембагал болбошу мумкун дешет. Ал туулган уй, 1906 жылкы Сан-Франсиско зилзаласында куйуп кеткен. Лондон эч кимдин жардамысыз сабатсыздыгын озу жойгон.

Жек Лондондун апасы Флора Велмен музыка мугалими болчу . Атасы Виллиам Чейни болсо астролог эле.

Ал 9 жаш курагында Оуиданын коломдуу романы Сигнаны(Signa) таап алып, окуп чыгат. Адабиятта жолдуу болушун ал так ушул китептен деп белгилейт. 1886-жылы ал Оакланд Коомдук Китепканасына барып, ал жерде иштеген Ина Кулбрит деген айымдын сүрөөсү м-н коп китеп окуй баштаган.

Коп жылдар бою селсаяк болуп ж-а денизде саякат кылып жургондон кийин Оакландга кайтып келип, Оакланд орто мектебин аяктаган. Ошол эле мектепте чыккан The Aegis журналына бир канча эмгегин жарыялаган. Денизде саякаттап жургондо башынан откоргон окуялардан турган Жапон жээгиндеги тайфун деген очерки биринчи жолу басылып чыгып, конкурста сыйлыкка ээ болот. Мына ушул окуя аны адабий чыгармачылык жөнүндө олуттуу ойлонтот. Бирок, дасыган жазуучулук наамга жетиш үчүн ал көп кыйынчылыктарга дуушар болуп, көптү өз көзү менен көрдү.

Лондон экзаменге копко даярданып 1896-жылдын жайында Беркелейдеги Калифорния Университетине жазылат. Финансылык жактан мумкунчулугу жетпей 1897-жылы университетти таштап салат. Ошентип ал кайра кайсы бир университеттин босогун экинчи жолу аттаган эмес. Беркелейде жургондо студенттик журналдарга жазып жазбагандыгы жонундо маалымат жок.

1896-жылы Аляскадагы Клондайкадан алтын табылып, миң сандагандар дүнүйө-мүлк издеп, ошол жакка чубурушту. Алардын ичинде Жек Лондон да бар болчу. Бирок, бир жылдан кийин ал сыркоолоп, кур кол кайра үйүнө кайтты. Анткени менен бул «саякат» келечек жазуучуга бир топ пайдалуу материалдарды берди. Жек Лондон алтындын зээри азгыргандардын кулк-мүнөзүн, ал жерде жашаган элдердин үрп-адаттарын, арктикалык каардуу жаратылышты, адамдардын аны менен болгон күрөшүн баяндаган бир топ чыгармаларды жазган. Аларда «америкалык жазуучу Жек Лондон, буржуазиялык дүйнөдөгү алтынга аябай берилген, алтын дегенде ааламдын аркы четине чейин боортоктоп жылып барууга даяр турган кишилердин мүнөздөрүн ачык-айкын сүрөттөп көрсөткөн.

1899-жылдан баштап анын Түндүк жөнүндөгү аңгемелери биринен-сала бири жарыкка чыга баштады. Ал негизинен Түндүк жана Океания аралдары жөнүндө бардыгы болуп 152 аңгеме жазган. Мына ушундан кийин Жек Лондондун жазуучу катары атагы чыга баштаган. Бул чыгармаларда жазуучу күчтүү, кысымчылыкка чыдамкай, кажардуу адамдарды сүрөттөгөн.

Жек Лондон жер кыдырып, эптеп жан багып жүргөн кезинде эле социалисттик адабият менен, көбүнчө Карл Маркстын эмгектери менен таанышкан. Кийин аларга кызыгуусу көбөйүп, улам терең үйрөнө берет. Натыйжада ал жумушчулардын революциялык кыймылдарына ыктап, Американын социалисттик жумушчулар партиясына мүчө болуп кирет. Жогорку идеялуу чыгармаларды автор дал ушул мезгилдерде жазган. Бирок Жек Лондон аягына чейин социалист бойдон калган эмес(кала алган эмес).Буржуазиялык индивидуалисттик идеологиядан толук бошонуу жана революциялык пролетариаттын көз карашын түп көтөрө жактоо анын колунан келе алган жок. Мына ошондуктан анын саясий көз карашы жана чыгармачылык жолу да өтө карама-каршы. Капиталисттик коомду тартынбай ашкерелеген, көркөмдүк жагы жогору деңгээлде турган реалисттик чыгармалары менен бирге, бул тармактагы коптогон жазуучулардай эле Джек Лондондун да чыгармачылыгында буржуазиялык идеология жык толгон начар жана жасалма очерк, романдары да орун алган дешет талдоочулар.

Өлөрдөн бир нече ай мурда Лондон социалисттик партиянын катарынан чыгып кетет. «Менин социалисттик партиядан чыгып кеткенимдин себеби — ал күрөштөн баш тартты... Жумушчу табы өзүнүн күрөшү жана душман менен келишпестиги астында өзүн бошото алат го деп ойлогон элем. Бирок, Кошмо Штаттардагы бардык социалисттик кыймылдар кийинки жылдарда келишүүчүлүк жолго түшүп кетти, ошондуктан мен партиянын мүчөлүгүнөн оолак турууну туура таптым», — дейт жазуучу. Чынында эле ошол кезде Америкадагы социалисттик партия оппортунисттик жолго түшүп кеткен.

1905 — 1910-жылдар — Жек Лондондун чыгармачылыгынын гүлдөп, эң жогорку деңгээлге өсүп жеткен мезгили. Бул жылдары Лондон АКШнын жумушчулар кыймылынын, 1905 — 1907-жылдардагы орус революциясынын жана М. Горькийдин чыгармачылыгынын таасири астында өзүнүн көлөм жана идея жагынан зор чыгармаларын — «Темир бут», «Мартин Иден», «Ак азуу», «Таптардын күрөшү», «Революция» жана башкаларды жазды. Бул чыгармаларда жазуучу негизинен капитализм коомунун чирип, ойрон болуп баратканын, революциянын жакындап калганын жана пролетардык революцияга карата өзүнүн көз карашын жазат. Жек Лондонго чейин Американын адабиятында, бул сыяктуу революцияга жана пролетариатты биригүүгө ачык жана чечкиндүү чакырган чыгармалар болгон эмес.

Жек Лондон 200 дон ашык aңгемелери жазып, 16 жыйнакта топтогон.

Козу откондон кийин басылган aңгемелери:

2016-08-11 64 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11