Жээналиев Токтожума (9.5.1933-ж. т , Тогуз-Торо району, Арал айылы) — милициянын генерал-майору (1984), СССР ички иштер министрлигинин эмгек сиңирген кызматкери (1974), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи (1994).
1952-ж. Жалал-Абад шаарындагы мугалимдер институтун, 1960-ж. Алматыдагы милициянын атайын мектебин, 1966-ж. Москвадагы милициянын жогорку мектебин бүткөн.
1952—£5-ж Казарман орто мектебинде мугалим, комсомолдун Тогуз-Торо райкомунда бөлүм башчы, 1958—60-ж. Нарын шаарында милиционер, участкалык инспектор.
1961—71-ж. Ак-Талаа, 1973—75-ж. Жумгал райондук ички иштер бөлүмдөрүндө начальник, 1971 — 73-ж. Нарын облмилициясында кылмыш иштери боюнча бөлүм начальниги, 1975— 81-ж. облустун ички иштер башкармасынын начальнигинин орун басары, 1981 — 87-ж. начальниги, 1987—95-ж. Кыргыз Республикасынын Ички иштер минисгрлигинин окуу борборунун начальниги болуп иштеп, өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияга чыккан.
1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жогорку милиция мектебинде профессор болуп иштөөдө. CССP милициясынын отличниги (1968). Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.
Генерал Жээналиев
Генералдын байсалдуу ӨМүР жолу