Жээк Ысык-Ата району


Жээк, Ысык-Ата району - Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыштак. Жээк айыл округуна караштуу. Ыссык-Ата суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 800 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кант шаарынан 7 км түштүк-чыгыш тарапта. Кыштактын түндүгүнөн Чоң Чүй каналы өтөт. Кыштак 1916-жылы негизделген. Калкы 875 (2007), негизинен дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП бар. Колхоздоштуруу мезгилинде баатырларча курман болгон, ушул кыштакта туулган каарман пионер Кычан Жакыповго эстелик тургузулган жана мектепте музейи уюштурулган.

2016-08-11 54 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11