Жээк бекитүүчү курулма


Жээк бекитүүчү курулма - көлмө жээктерин суу толкуну жана агымы, муз басымы жана башка жаратылыш факторлорунун талкалоочу аракеттеринен сактагыч. Жээк бекитүүчү курулма суунун агымы менен өз ара аракеттенишүү түрү боюнча төмөндөгүдөй бөлүнөт: активдүү суу агымынан сайроондорду жана жээктеги шилендилерден сактайт (дарыяларда туурасынан кеткен жөнгө салынуучу тосмолор, агымды багыттагыч калканчтар, деңизде жана көлдө шиленди тосуучу дамбалар, толкун баскычтар) жана пассивдүү суу агымына туруштук бере турган бышык конструкциялар (деңизде толкун тоскуч дубалдар, ири блоктор жана фигуралуу массивдер, дарыяларда таш тосмолор, бетон жана темир-бетон такталар).

2016-08-11 36 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11