Жебрейил


Жебрейил - исламдагы негизги периштенин бири. Ислам дининде Кудай менен пайгамбардын ортосунда элчилик кылгандыгы айтылат.

Жедигер - оң канаттагы ири уруу. Элдик санжыранын маалыматтарында Койлондон кооз жедигер уруусу келип чыгаары баяндалат. Сайф ад-Дин Аксикендинин «Мажму ат-Таварихинде» жедигерлер Тагай баатырдын Кулан (Койлон) деген уулунан тараары жазылган. «Манас» дастанынын дээрлик бүт варианттарында кыргыз урууларынын бири катары чагылдырылат. Мындан сырткары, кыргыз санжыраларында Жедигер аттуу Астрахан ханы жөнүндө баян айтылган. 1549-жылы Казань шаары Едигенин тукуму Жедигер тарабынан басып алынганы маалым. Акыркы мисал кыргыздардын этностук тарыхында, этогенезинде таасирлүү орунду ээлеген «ногайлы» доорун чагылдырат. Этностук аталыштың параллелдери казактардан «жедигер», лакайлардан «жадыгер» формаларында кездешет. Параллелдер жана айрым фольклордук жана башка маалыматтар жедигерлердин орто кылымдардагы печенег, кыпчак тилдүү этностук чөйрө менен байланышын чагылдырат. Мисалы, кооз (жедигер) «кууз» «гууз» «окуз» «огуз» уз. Ошону менен бирге, этнонимди байыркы «игдер» (игдер) уруусунун энчилүү аты менен параллель кароого болот. Болжолу, жедигер этнониминин баштапкы формасы «жети игдер» же «жети игдер урууларынын бирикмеси, союзу» дегенди аныкташы ыктымал. «Жети игдер» «жетигер» жети иг(д)ер «жедигер» - байыркы этностук аталыштын фонетикалык айрым өзгөргөн формасы болуусу мүмкүн. Игдирлер араб графикалуу тарыхый булактарда байыркы огуз-түркмөн урууларынын бири катары түрдүү фонетикалык варианттарда чагылдырылат. Махмуд Кашгари «Сөздүктө» огуздардын курамындагы игдер уруусун анын энчилүү эн тамгасы менен бирге, ал эми Рашид ад-Дин - «йигдер», Абул Гази Бахадур хан - «икдур» формаларында эскеришет. Аталган булактардын айрымдарында Игдир Огуз кагандын небереси, Деңиз хандын уулу катары айтылат. Изилдөөчүлөр этнонимди «негиздүү», «таза кандуу» маанилеринде чечмелеп жүрүшөт.

2016-08-11 39 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11