Жазы Өзгөн району


Жазы, Өзгөн району, Яссы – Өзгөн районундагы суу, Кара-Дарыянын ири оң куймасы. Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталынан (Шилбелүү ашуусунан батышыраакта, 3850 м бийикте) башталат да, Кемпир-Абат (Ажыян) суу сактагычына куят. Узундугу 122 км, алабынын аянты 2620 чарчы/чакырым. Куймалары: Байбиче, Кара-Төбө, Беш-Терек, Улуу-Чат, Зындан-Суу, Салам-Алик, Кичи Кош-Булак, Көлдүк, Доңуз-Суу, Зергер, Жыл-Алды жана башка Жылдык орточо чыгымы 34,2 м3/сек, эң көбү 418 м3/сек, эң азы 6,4 м3/сек. Марттын аягында кире баштап, августта тартылат. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Өзгөн шаары, Мырзаке, Жыл-Алды, Ильич, Ак-Терек жана башка кыштактар жайгашкан.

2016-08-11 43 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11