Жазгак Ноокен району


Жазгак (кыргызча Жазгак) — Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусун Ноокен районундагы айыл. Момбеков айыл округу составына кирет.

1850-жылдары саяк уруусу ушул жерге келип отурукташа баштаган. Ал мезгилде бак-дарагы жок ээн жаткан, камыш баскан жер болот. Жайында аябай ысык болгондуктан, бул жердин жазы «как» экен, ысыгы «как» кылат го дешкен.

Ошентип, жазы «как» экен деген сөздөн биздин «Жазгак» айылынын аты келип чыккан. Ушул айылдан чыккан Калча бийдин уулу Калы бий болуп көп жылдар эл башкарып турган. Ошол мезгилде адырдагы кайрак жерлерге гана эгин эгип келишкен. Бирок элге суу чыгарып, суулу жерге да эгин эгиш керек болгон. Суу чыгарып, арык казыш үчүн ошол мезгилдеги бийликтен уруксат алыш керек болгон. Ал мезгилде Кокон кандыгында 1860-1870-жылдарда Кудаяр кан болуп турган.

Калы бий жана ушул жердин эли, арыка уруксат алыш үчүн Маке деген адамды Коконго жөнөтүшөт. Себеби Маке жашында Кудаяр кан менен тааныш болуп, бир жүргөн экен. Маке Коконго барып Кудаяр кандан мөөр басылган уруксат кагазды алып келет. Маке деген адамдын Кудаяр канга барып келгени ушул кезге чейин айыл аксакалдарынын оозунан айтылып келет. Ошентип «Жазгак» арыгы казылат. Майлуу-Суу сайынан башталган арык «Кылаа» айылына чейин казылат. Эл Октябрь Революциясына чейин эле, пахта жана башка эгиндерди эге баштаган. Айылыбыздын төмөн жагын илгери Карзинка деп коюша турган. Анда Карзина аттуу байдын пахта заводу болгон экен. Азыр ал жерди Батрак-Абад дешет. Эл ошол Карзина байга пахталарын сатып турушкан.( Бул маалымат Ж. Момбековдун «Жаңырган Кылаа» китебинен алынды.)

Ошентип ошол кездеги «Жазгак» арыгы ушул күндөргө чейин элге кызмат кылып, азыр арыктын нугу гана калды.

Суу! Суу менен биздин бардык турмушубуз чиеленишкен. Ата-бабаларыбыздын да тилеген тилеги, көздөгөн максаты суу болгон. «Жазгак» арыгын казууда Калы бийдин эмгеги чоң болгон. Ал киши өлгөндөн кийин, айылдын жогорку жагындагы тегиздикте көптөгөн боз үйлөр тигилип, чоң ашы берилген. Андан кийин жолдун алдындагы мазарга күмбөзү тургузулган. Ал күмбөз бышкан кыштан, ошол кездеги архитектуралык курулуштун негизинде бүткөн. Бирок 1936-37-жылдары колхоздун пахтасын кургатабыз деген болбогон шылтоо менен күмбөздү бийликтегилер бузушкан. Эгерде ошол кездеги жергиликтүү бийлик адамдары түшүнүктүү болуп, көмбөздү бузбаганда азырга чейин тарыхый архитектуралык эстелик болуп турмак. Улуу Октябрь Революциясынан кийин бардык элдердей эле биздин айылдын эли да коллективдештирүүгө багыт алды. 1931-жылы 5 колхоздо бардыгы болуп 680 майда жандык, 77 жылкы, 70 бодо мал гана болгондугун айтсак, коллективдүү чарбанын ошол абалы даана көрүнүп турат. (Ж. Момбековдун китебинен алынды.)

Советтер Союзунун мезгилинде сүт товар фермасы жана борборлоштурулган тоют цехи биздин айылдын үстүндө жайгашып турган. Азыркы бийик болуп турган навес громул цехи болуучу. Андан бери атала цехи жайгашкан. Тоютту майдаланган түрүндө кара малга жана адырдагы 40-50 короо койго ушул жерден жеткирип турган. Колхоздун сүт товар фермасында биздин айылдаштар иштеген. Алдыңкы малчы болуп Акматов Калмамат, Масиров Абакул, Султанов Казыбектер колхоздук өндүрүшкө көп салымдарын кошушкан. Ал эми алдыңкы саанчылардан Акматова Бегай, Султанова Турдукан, Маматова Толгонай, Кенжекулова Жамила, Мергенбаева Тунук, Шамшиева Тажи, Масирова Жеңиш, Тажикулова Мавлюда ар бир уйдан үч миң литрден сүт саап алып, пландарын ашыра аткарып турушкан. Бул жердеги фермада 300дөн ашык саан уй, андан тышкары көптөгөн субай мал багылган. Жайлоодо да мотор жүргүзүлүп, уйлар ток менен саалып турган. Биздин айылдын алдыңкы чабандары Тургунбаев Оторбек, Мамбеткулов Айдарбек, Жолдошов Аттокурлар ар жүз тубар койдон жуз ондон жуз жыйырмага чейин козу алып, колхоздун байлыгын арттырууга салымдарын кошушкан. Жылкы чарбасын өстүрүүдө Жолдошов Тетештин да зор салымы бар. Колхоздун субай малын багып, эң алдыңкылардан болушкан Жумабаев Анаркул, Шамшиев Матсман, Шакиров Тагай, Иметкулов Дарманкул, Маматов Ражап, Кудайназаров Төөбай, Жунусов Эгемдер колхоздун байлыгын арттырууда зор салымдарын кошушкан. Биздин айылдан чыккан эл агартуунун отличниктери: Борбиев Акынбай, Айдаров Жаркул, Борбиев Абдыкаар жана Мамадалиев Шакиралыагайлар жаш жеткинчектерди тарбиялоодо талыкпастан эмгектенип келишкен. Айылыбыз мал чарбачылыгы жана пахтачылык менен өнүгүп келген. Пахтачылык бригадаларында түшүмдүүлүктү 35 центнерге чейин жеткирип, планды аткарып жүрүшкөн. Алардын бири Төлөнова Суйүнбү. Ал союз убагында пахтачылык бригаданы башкарган. Кыргыз ССРинин Жогорку Кенешине депутат болгон, бир нече орден медалдардын ээси. Союз мезгилинде айылдын бир зор салымын кошкондугу үчүн орден, медалдар менен сыйланган. Бир нече энелер ондон көп бала төрөп "Баатыр Эне" наамын алышкан. Алардын катарында Шакирова Калчайым, Жээнбекова Калыс, Мырзабекова Жээнбү, Касымбекова Бурулай, Мырзакулова Гүлбара, Гапирова Алимахан, Усупжанова Бактыкан, Мамадалиева Инабат, Кимсанбаева Саадат, Мамбеткулова Адалат, Кадырова Айсара жана Сыдыкова Айымпаша энелер. Эгемендүүлүк алгандан кийин да 7-8 бала төрөп "Баатыр Эне" наамын алган айылдаштарыбыз бир канча. Алардын катарында: Анарбаева Бурайма, Бегимкулова Буалима , Мейманбекова Зулпия, Кудайназарова Адина, Ажыкулова Зуура, Сыдыкова Максуда, Курманалиева Бүайша, Жолдошова Салия жана Масирова Бурулкан.

Биздин айылдан Улуу Ата Мекендик Согушкабарып, кайтпай калган жердештерибиз: Кудаяров Эргеш, Өмүрзаков Шамши болгон. Булар элибиздин келечеги учун салгылашып согушта баатырларча курман болгондордун катарында. Согуш демекчи 1944-жылы Ата Мекендик согушта эрдик көрсөтүп курман болгон Шалкалык Рахманжан Маткалыков, Каганович атындагы колхозго башкарма болуп (азыркы Коммунизм айылындагы) биздин айылдын үстүнөн өткөн эски каналды кол менен каздырат. Бул согушка чейинки 1936-1937- жылдар эле. Андан кийин бул колхозго Жорокул Ахмедов башкарма болгон (Сайпидин молдонун атасы). Ал Украина тарапта согушуп жаткан аскерлерге белек жеткирип барган. Жорокул Ахмедов өз колхозунан 100 кой, 10 ат жардам беремин дегенде украиналыктар дуу кол чабышкан экен. Ж. Ахмедов танка курууга өз эсебинен 105 миң сом берген. Ал киши акын Жоомарт Бөкөнбаев менен бирге барган экен.

катар тургундары колхоздук өндурүшкө

Коллективдештирүү жылдары Сакалдыдагы уюштурулган механизатордук курсту бүтүрүп, айылдаштарыбыз Дадабаев Жусупжан, Анарбаев Тажимамат жана Турдубаев Турсунбай аттуу агалар биринчи келген тракторлорду айылга айдап келишкен. Мына ушул адамдар, алгачкы тракторлор менен алгачкы бороздорду салып, жер айдашкан.1960-жылдардан кийин пахта терүүчүмашиналар келе баштаган. Айылдашыбыз механик, айдоочу Иметкулов үрүш 1966-жылы 103 тонна пахта терген. Салдаңбаева Зүлпия 95 тонна пахта терген. Мурун чигитти кол менен эгип, колхозчулар ар гектарынан 7-8 центнер пахта өндүрүшкөн. Техника өскөн сайын түшүмдүүлүк да өсүп олтуруп 35 центнерге жеткен. Биздин айылдын устат пахтакерлери: Момунов Ажимамат, Артыгалиев Айтбай, Мамажунусов Мамат, Бабашов Аман, Салдаңбаев Самак, Абдураимов үрмамат, Мырзабеков Касымбек, Жээнбеков Жолдош, Касымбеков Темир жана Султанов Тургунбай аттуулар пахтага суу коюнун устаттары болгон.

Улуу Ата Мекендик Согуш мезгилинде көптөгөн айылдаштарыбыз согушка катышып, баатырларча курман болгон. Бир нечеси Ата Мекендик согушту жеңиш менен аяктап, үйлөрүнө кайтып келишкен. Алардын катарында "Даңк" орденинин 2 жоку кавалери Арапов Ташмат. Согуштун ардагерлери Урбаев Токтосун, Момунов Ажимамат, Сабыркулов Аблай, Кошоев Эсенбай жана Мамадалиев Курманали абаларыбыз согуштан кайткандан кийин колхоздук өндүрүштө көптөгөн жылдар бою талыкпай эмгектенишкен. Бул инсандар өмүрүнүн акырына чейин айылдын кадырлуу аксакалдары болуп, татыктуу жашап өтүштү. Булардын ичинен Мамадалиев Курманали 90 жаштан узак жашап өттү.

Афган согушуна барып, катышып келгендердин катарында "Кызыл Жылдыз" орденинин ээси Адиев Эрнис, Арапов Бакыт, Арстанов Абдыманап, Бараканов Ташмамат жана Кудайназаров Кадырбек аттуулар бар. Ал 1979-1989- жылдар эле.1986-жылы Украинадагы Чернобыль АЭСте жарылуу болгон. Мына ушул апааттын катышуучусу биздин айылдашыбыз Арапов Кымбатбек болгон. Ал эми 1999-жылы Баткен коогалаңы чыккан, ал коогаланды тынчытууга Мамадалиев Медербек катышкан.

Дагы бир улуу инсандарыбыздын бири коомдук ишмер үсөн Сыдыков да ушул айылдын кулуну. Убагында Базар-Коргон районунун 1-секретары болуп иштеп турганда, Базар-Коргондун таштак жерин бак-дарактуу райондун борборуна айландырган. Андан кийин Госагропромдун төрагасы, азыркы тил менен айтканда вице-премьерлик кызматка чейин жеткен. СССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Бир нече жолу Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. "Октябрь революциясы" ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган.

Дагы бир улуу инсан, элине ак эмгек менен кызмат кылган Жусупжан Момбеков жашап өткөн. Алкиши биздин айылдын үстүндөгү адырларды 1970-1980-жылдары суугат жерге айландырган. Суугат жерге айландырууда ошол кездеги колхоздун төрагасы Жусупжан Момбеков өтө чоң эмгек кылган. Ал трактористердин, бульдозеристтердин бригадасын түзүп алып, Маданияттан Кочкор-Атага чейинки аралыктагы адыр жерлерин тегиздетип, суугат жерге айландырган. Ошол өздөштүрүлгөн жерлерди биздин айылдын эли үлүш катары алып, азырга чейин эгин эгип келе жатышат. Элдин үлүшүнүн көбүрөөк бөлүгүнө ушул кишинин эмгеги чоң, ушул эмгеги бааланып, 1973-жылы "Социалистик Эмгектин Баатыры" наамына, "Ленин" ордени жана "Орок жана балка" алтын медалы менен сыйланган. 1965- 1969-жылдары Кыргыз ССРнин Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Колхоздун төрагасы болуп 1961-1983-жылга чейин иштеген. Колхоздун мурдагы төрагасы да Эшенкул Жусупов да 1957-жылдары "Социалистик Эмгектин Баатыры" деген наамга татыктуу болгон. 1974-1975-жылдары айылыбыздын үстүнө Майлуу-Суу каналы курулган. Ошондуктан биздин айыл сууга бай, малга жайлуу. Биздин үлүштөр да ушул каналдан суу ичет, мурдагы таштак, адыр жерлер ушул каналдын суусу менен бак-дарактуу болуп, гүлдөп өсүп келе жатат. 1990-жылы жер титирөөдөн кийин азыркы мектеп турган жерге үйлөр түшө баштаган. Мурда 8 гектарлык пахта өстүрүүчү жер эле. 1992-жылы айылдын так ортосуна 8 жылдык "Жазгак" мектеби курулду. Мектептин биринчи директору Чыйбылов Заир болгон. Мектеп 1993-жылы ноябрь айында иштей баштаган. Ал эми 1994-жылы 9-майда ачылышы болгон. Ага областык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Зебикан Кутманова келип катышкан. Айылдын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн мына ушул мектепке кошумча имрат керек эле. Ошентип USAIDдин (Кош-Аракет) программасынын негизинде 4класстык мектеп курулушу башталган. Айылдын эли нак акчалай салымдарын кошуп, жардамын беришкен. Андан сырткары натуралай жана жумуш күчү менен да жардам көрсөтүп турушкан. Мектеп тез эле убакыттын ичинде курулуп бүтүп, 2004-жылы ишке киришкен. Бул мектеп мурда 1992-жылдарда балдар бакчасы үчүн даярдалып курулган фундаменттин үстүнө тургузулган. Андан кийин айылдын калкы мектептин айланасын тосуу боюнча 2005-жылы АРИСтин программасы менен иштеп, анда да өз салымдарын кошуп, уюшкандык менен жардамдарын беришкен. Андан сырткары 2007-жылы республикалык гранд менен кошумча актовый залы жана мектептин курулушу башталып, ага да айылдын элдери чоң салымдарын кошушкан. Ал мектеп мурда алынып келинген темир бетондор менен курулган. Ошентип мектептин үч башка имараты, үч башка убакта курулган. Айылда медициналык пункт жок эле. 2006-жылы айыл-өкмөттүн жардамы менен мед. пункттун курулушу башталып, элдин уюшкандык менен жардам көрсөткөндүгү үчүн тез эле ишке кирген, азыр ал иштеп жатат.

"Жазгак" айылы чыгышынан "Кыла" айылы, батышынан "Чек" айылы, түндүгүнөн Кочкор-Ата токой чарбасынын мистелүү адыр жерлери менен, ал эми түштүгүнөн болсо Өзбекстан менен чектешет. "Жазгак" айылынын төмөн жагынан үлүш жана айдоо жердин ортосунан агып өткөн "Достук" каналы эле. Ал Өзбекстандын аймагынан башталып чыгышты коздой агып, Кочкор-Атадан ары өтүп кетчү эле. Азыркы мезгилде канал иштебей калды. Бул канал 1970-жылдарда казылган эле. Ал эми узак жылдар тарыхы бар "Кылаа" каналы 1966-67-жылдары жаныдан бетондолуп, курулуп пайдаланууга берилген. Мурда айылдын төмөн жагынан агып өтүүчүэле. Ал мезгилде каналдын кээ бир жерлери аң болуп кеткендиктен, айдоо жерге айландырыш үчүн, каналды Ош-Бишкек жолунун боюна салган. "Кылаа" каналы чындыгында эле узак жылдарды карыткан, өзгөчө тарыхка ээ канал. Жакынкы тарыхка карасак, азыркы отурукташкан эл бул каналды казган эмес. Бизден мурдагы заманда отурукташкан эл казган. Бул жөнүндө келечектеги тарыхчылар аныкташса керек. Бирок менин оюмча "Кылаа"каналынын тарыхы 300 жылдан ары болушу мүмкүн. Төмөнкү айылда "Сөкү арык" деген да арык бар. Анын да тарыхы узак. Себеби "Жазгак" арыктан суу алгандыктан, "Жазгак"арыгынан кийин "Сөкү арыгы" да чабылган. "Сөкү" арыгынан кийинОрто-Арыгы чабылган. Азыр Орто-Арык менен барган суудан эл пайдаланып жатышат. Ал эми "Сөкү" арыгынын нугу гана калды. "Сөкү" деген сөз "сөкүчө" бийигирээк жер деген сөздөн келип чыккан. Ал эми "Орто-Арык" болсо"Сөкү" арык менен мурдагы "Кылаа" арыктын ортосунда болгондуктан "Орто-Арык" деп аталып калган.

Бирок "Кылаа"деген сөздүн кайдан келип чыкканын жаза элекбиз. "Кылаа" көлдүн кылаасы, көлдүн жээги деген сөздөн келип чыккан. Биз адырдын бийигирээк жеринен ылдый жакты карасак, ылдый жак "оазис"көлгө окшоп турат. Ал эми биз турган жер, көлдүн жээгине же көлдүн кылаасына окшоп турат. Ошол көлдүн кылаасынан кийин эле, адырлар барган сайын бийиктеп кетет. Мына ушул көлдүн кылаасы деген сөздөн " Кылаа" деген сөз келип чыккан. "Кылаа" арыктын аты, жана "Кылаа" айылынын аты ушул ат менен аталып калган. "Кылаа" деген ат да көп жылдык тарыхка ээ.

Узак жылдар тарыхы бар "Жазгак" айылы Ош - Бишкек жолунун эки жээгинен орун алып, узатасынан созулуп жатат. Узундугу 2 км чейин. Ош - Бишкек авто жолу 1954-1955-жылдары салынган, анда чаң баскан кара жол эле, 1967-жылы кайрадан оңдолуп, асфальт төшөлүп жаңы жол салынган. Мына азыркы күнгө чейин кызмат кылып келе жатат. Союз мезгилинде динибиз өнүкпөй калган эле. Бирок эгемендүүлүктөн кийин эркиндик берилип, төбөдөгү мурдагы шыйпаңды айылдыктар мечит кылып алышкан. Азыр көпчүлүк айылдыктар, ошол мечитте намаз окушат. Жолдун боюндагы бышык кыш менен салынган үйлөрдү жана алгачкы мектепти курууда, мурдагы колгоздун төрөгасы Абдыманап Токтогуловдун жана кийинки мектеп имараттарын медициналык пункту курууда Ташболот Султановдун да эмгеги бар.

"Аалам айылдан башталат" - дегендей дүйнөнүн чар тарабына мына ушул Ош-Бишкек жолу менен эч кыйынчылыксыз оңой эле барууга мүмкүнчүлүк бар. Айылга таза суу 1967-жылы келген. Анда суу алуучу жер Өзбекстандын аймагында туруучу. Суу 70 метр тереңдиктен жердин түбүндөгү суудан насос менен алынып, Чек айылындагы резервтерге куючу эле. Кийин Өзбекстанга кире албай калгандыктан, 2007-жылы Кыпчак-Талаанын үстүнө таза суу алынуучу насос курулду. Бул курулуш АРИС программасынын негизинде курулган. Ал таза суужердин үстүндөгү эле саркынды суулардан алынат. Айылдын үстүндөгү 500 кубметрлик жаңы резертер да ошол жылы курулган. Бирок жаңы курулду деген мененылдыйкы трубалар эски бойдон калган. Себеби жогорудан келген трубаны мурдагы эски борбордук трубага улап койгон. Бирок таза суунун чыгышы жылдан-жылга азайып бара жатат.

Айылдын өнүгүшү 1960-жылдардан кийин башталат. Айылды электрлештирүү, радиолоштуруу, ал эмес газдаштыруу да ошол жылдардан башталат. Газ айылдын жарымна чейин, сүт тавар фермасына келген. Бирок газ аз болгондуктан кийин өчүрүлгөн. Ошондогу көчө бойлоп тигилген бак-дарактар айылыбыздын ажарын ого бетер ачып турат.

Эми ошол гүлдөгөн айылды мекендеген элдин келечеги алдыда. Айылда 300 түтун эл бар. Калкынын саны2000ден ашат. Райондон 20км алыс жайгашкан.

Бизидин айылда Шербектен тараган төрт топ саяктын Жаман Киши уулу (өз аты Береналы) тобу жашайт. Ал эми Чоң мурун, Кашкар уулу, Айти уулу тобу Коммунизм айылы тарапта жашайт. Биздин айылда саяктар менен бирге Жедигерлер да жашайт. Баарыбыздын эле түпку атабыз Тагай бий. Жедигердин чон атасы Богорстан өз атасы Койлон. Элде Койлондон кооз Жедигер деп да атап коюшат. Жедигерден Асандар, үсөндөр, Кара-Даңдар биздин айылда жашайт. Эл арасында санжырачылардын айтуусуна караганда жедигерлердин көпчүлүгү Майлуу-Суу тараптагы, Көпүрө-Башы, Көгөй, Ой-Жаңак, Сары-Бээ, Көлмөн, Кайрагач, Бедре-Сай, Кашка-Терек, Күнгөйсыяктуу жерлерде жашашкан. Кийин Октябрь революциясынан кийин түз жерлерге көчүп келип, колхоздук өндүрүшкө зор салымдарын кошушкан. Мисал үчүн: Бул өрөөндөн 1930-жылдардагы коллективтештирүү мезгилинде, Айдар Сарыков сыяктуу активисттер өсүп чыккан. Ал киши кийин райондук денгээлдеги кызматтарда көп жылдар бою иштеген. Революциядан кийин бул өрөөндөн Тагай болуш, Токтоназар болуш дегендер чыккан. Октыябрь төңкөрүшүнө чейин Кылаа, Бостан, Жазгак, Кочкор-Ата, Көк-Таш, Көлмөн, Майлуу-Суу, Көпүрө-Башы, Сары-Бээ, Көпсөөк жана Шамалдуу-Сайга чейинки аймактар Семетей болушка караган. Семетей болуш жөнүндө айта берсек сөз көп, ал 1924-жылы каза болот. Сөөгү Ак-Бейит мазырына коюлат. Анын ордуна Тагай болуш болот. Кийинки мезгилде колхоздун байлыгын арттырууда Сыдыков Момун. Жумабаев Мамыт, Борбиев Абдыраззак сыяктуу белгилүү адистер өсүп чыккан. Борбиев Абдыразак райондук адимнистирация башчысынын орун басарлык кызматына чейин өсүп жеткен. Эми чоң уулум Арстанбек тууралуу эки ооз сөз жаза кетейин. Арстанбек 1982-жылы 16-майда туулган. "Жазгак" мектебин бүтүрүп, Кочкор-Атадагы колледждиаяктаган. Иш дегенде ичкен ашын жерге коюп, кимдин иши болсо да баш оту менен кирип, аткарып берээр эле. Улуу-кичүү бардык адамдар менен мамилеси жакшы эле. Улак тартышканды жактырчу. 2004-жылы бышык кирпич менен бүткөн 4 класстык мектепти "АРИС" бүтүргөн эле. Ошондо мен элден акча жана натуралай жардамдарды чогултуп, лидер болгом. Айыл калкын ушул ишке мобилизациялоодо депутат катары менин да кичинекей болсо да салымым бар эле. Ошентип, элдин жардамы менен мектеп тез эле бүткөндөн кийин "АРИС"айыл өкмөттө чоң той өкөрүп берген. Ошол тойдо башка оюндар менен бирге улак тартыш оюну да болгон. 9-май күнү улак тартыш оюнунда аттан жыгылып 22 жашында Арстанбек көз жумган. Менин тагдырыма ушул жазылган экен. Мунун баарын Кудайымдын буйругу деп, кабыл алдым. Эгер бул уулум тирүү болгондо мага чоң күч-кубат, дем бермек жана мени алаканында алып жүрмөк. Аттиң, тагдыр деп ушуну айтат экен. Көп ойлончу элем, мен элиме, жериме эмне иш кылдым деп. Мына эми ушул эмгегим менен, ошол ойлорумдан азыраак болсода арылып олтурам. Мен тарыхчы эмесмин. Ошентседа чабал атымды камчылап, акыл сезимимди чымчылап, ушул эмгегимдин аягына чыктым. Мезгил өзү сынчы болоор. Эми айылыбыздын келечеги жаштардын колунда. Алардан көптү күтсө болот. Көптөгөн жаштарга жаны чектер берилип, үйлөр салынууда. "Жазгак" айылы мындан ары өсүп-өнүгүүнүн жолуна түштү.

"Тарыхты сен мылтык менен атсаң, келечек сени замбирек менен тосуп алат" – деп Расул Гамзатов айткандай, бул тарыхты жазып жатып, калыс болууга жана туура жазууга аракет кылдым. Тарыхты тактап, улантып жазуу келечектеги жаштардын милдети. Ал эми менин жазгандарым айылыбыздын тарыхынын башаты гана. Ушул тарыхтыжазууга сунуш берген мектептин директору Аджибекова Паридага ыраазымын. Эгер мындай сунуш болбогондо мен бул тарыхты жазбай да калмакмын.

Ушул жазган эмгегимди уулум Арстанбектин жаркын элесине арнаймын.

Биздин айылдын жаштарынан көптөгөн жакшы инсандардын чыгышын үмүт кыламын.

"Жазгак" айылынын тарыхын жазган: Мырзакулов Мамасейит Эркинбекович. 2014-жыл, январь айы.

Калкы - 2 015 киши.

САЯК УРУУСУ. Ноокен району, Момбеков айыл өкмөтү. Сабыр Аттокуровдун варианты боонча:

Жаман киши Байызбектен - Ырай саяк ( Ырай баатыр ) Ырай саяктан – Каба

Биз Сары уулу саякбыз. Сарыдан - Шербек Шербектен - Береналы ( Жаман киши ) Береналынын балдары - 1. Садык 2. Калча 3. Мырза 4. Чигитей 5. Иметей 6. Арзы 7. Олокон 8. Уйбок (Айбаш) 9. Конокбай 10. Кочкорбай 11. Курбанали

Иран мамлекети менен Туран мамлекетинин ортосундагы өкүл экенин мен өзүм да окуп чыкканмын дейт автор. Жалпы кыргыз байыркы скифтерден саяктар тарап чыккан деген уламыш бир аз чындыкка жакын. Бул санжыранын 8 кылымга, тактап айтканда Чынгызханга чейинки "саяк алашеми" болгону сыяктанат. Ал эми Чынгызхандан бери Муратай, Супатай, Чагатайдан баштайлы. Айрым санжырачылар Байызбек атадан Байболот, Кайдуулат, Каба, Сарык деген төрт атаны таратышат. Чындыгында Каба, Байызбектин баласы эмес, уламышта Кабаны Сары багып чоңойткон.

1. Байызбектин улуу баласы - Байболот. Байболот баатыр киши болуп, өмүрүн бүт бойдон ат жалында өткөргөн адам болуптур. Көкарттын тамга ташында ар бир уруу өз тамгаларын ташка чеккен дешет. Кийин анын Байболот аты калып, анын тукумдары "Өйдө чекти" аталып калган дешет. "Өйдө чекти" деп тарагандар өтө эле көп. Асакенин тукумдарынан башкалары чачыранды. Профессор Сабыр Аттокуров саяк уруусунун генеологиялык таблицасында төмөнкүчө таратат. 1. Алашан 2. Улуушан З. Байыш 4.Ырай саяк. Ырай саяктан - Байболот, Каба, Эшенкарек, Ботокара, Атакара - 5 бала. 1. Баатыр Байболоттон - Асаке, Асакеден - Өйдө-Чекти, Өйдө-Чектиден - Мамыт, Күчүк, Кулунтай, Молой, Курөң, Айдаке – 6 уул. 2. Жолду Кабадан - Кутунай 1- аялынан, Бегат, Шыкмамат, Кайдуулат, Майрык - 3- аялынан , Качканак - 4-аялынан, - 6 уул. 3. Кайдуулаттан - Төрөбердик, Алакөз. - 2уул. 4. Шыкмаматтан - Бөөбүй, Орозбакты. - 2 уул. 5. Качканактан - Түнтөй, Түнкатар. - 2 уул. 6. Түнтөйдөн - Урат, Мурат, Нарбото, Бозтери, Актери, Дуулат, Абат. -7 уул. 7. Түнкатардан – Көкүнбай, Бокбасар, Арзымат, Назар. - 4уул. 8. Бозтериден - Элтынды , Казак, Досой. - Зуул. 9. Актериден - Жамаке, Жарыке - 2 уул. 10. Дуулаттан - Базыл, Жанкарач. - 2 уул. 11. Абаттан - Сары, Чоңко. - 2 уул.

А) Сарыдан - Шербек, Качыке. - 2 уул. Б) Чоңкодон - Кумач, Райымбек, Райымкул чоңко. - 3 уул.

Саяк уруусунун таралышын Муратайдан, Торгутайдан башталат.

Муратайдан - Кожотай, Кенжетай - 2 уул. Кенжетайдан – Алымбай, Бердикожо.

Жолдукаба, Эшенкарек, Ботокара, Атакара. - 5 уул. 1. Баатыр Байболоттон - Асаке. Асакеден - Өйдөчекти.

2. Каба баатырдан - Бегат, Кутунай, Шыкмамат, Кайдуулат, Майрык, Качканак - 6 уул. Качканактан - Түнтөй, Түнкатар -2 уул. Түнтөйдөн - Урат, Мурат, Нарбото, Бозтери, Актери, Дуулат, Абат - 7 уул. 1. Дуулаттан - Базыл, Жанкарач - 2 уул. 2. Абаттан - Сары, Чоңко - 2 уул. Сарыдан - Шербек, Качыке - 2 уул. Чоңкодон - Кумач, Райымбек, Райымкул - 3 уул.

Эшенкаректен - Дайырбек -1 уул. Дайырбектен - Молдошер, Чекир Молдо, Жусуп, Молдосадык - 4 уул. Атакарадан - Тагай, Тезек - 2 уул. Тагайдан - Карасакал -1 уул. Тезектен - Чымын -1 уул.

Сарыдан - Шербек, Качыке - 2 уул. Шербектен - Берен-бий (Жаман киши), Кудайназар. - 2 уул. Качыкеден - Айти, Кашкар уулу, Чоңмурун (Кенжалы) - 3 уул. 1. Береналыдан (Жаман киши)-Садык, Калча, Мырза, Чигитей, Арзы, Иметей, Олокон, Айбаш (Уйбок), Конокбай, Кочкорбай, Курбанали -11 уул.

1-аялынан: Атакара, Ботокара. Атакарадан - Тагай, Тезек. Тагайдан - Бозтумак, Кулбарак, Дүйшөн. A) Бозтумактан - Эрмек, Элбай. Б) Кулбарактан - Такырбаш, Алчын. B) Дүйшөндөн - Өмүрбек, Турмуке, Карасакал. Тезектен - Чымын, Тобок баатыр, Алп Карасакал. Ботокарадан - дайын жок. Тогуз-Торо, Ак-Талаа жакта турушат дейт. Азыркы убакта Тобок баатырдан - Нооруз, Нооке, Абылас, Карач аттуу 4 уул. Төрт баласынан тараган тукумдар айыл-айыл болуп, Тогуз-торо районунда жашашат. Ак-Талаа районунда да бар. Тобок баатырдын урпактарынан ушул тапта онунчу муунга жетип мектеп жашында. 10 х 25 = 250 жыл чамасы. 2. Сарынын экинчи аялынан: Шербек, Качыке. - 2 уул. Шербектен - Беренбий Беренбийден - Садык, Калча, Иметей, Чигитей, Арзы, Мырза, Олокон, Айбаш (Уйбок), Конокбай, Кочкорбай, Курбанали. -11 уул. ЭМИ УРУКТАРГА ТАРАТУУГА ӨТӨЛү. 1. Беренаалыдан: Садыгынан - Баястан. Баястандан - Келдибек, Суран, Төрөкул, Садык. - 4уул. Келдибектен - Атамкул , Эсенкул, Сулайман, Султан. - 4 уул. A) Атамкулдан-Лөлү, Мастан, Мактым.-3 кыз. Б) Эсенкулдан - Молдакмат -1 уул, Кайры эже, Отар - 2 кыз. B) Молдакматтан - Абыш, Абдыкерим - 2уул, Мария -1 кыз.2-аялынан - Токтоназар. Токтоназардан - Жакыбали, Жунусалы, Турсуналы, Ыманалы, Мамасали, Сүйүналы - 6 уул. Сулаймандан - Сыдык, Шагымбай, Кушбак, Дыйканбай - 4 уул. 1. Сыдыктан - Азим, Зыя - 2 уул өлгөн. 2. Шагымбайдан - Молдокул, Топчубай, өлгөн. 3. Кушбактан - Мамыт -1 уул, Өктөм - 1 кыз. Мамыттан - Курманбек, Кочкорбай - 2 уул, 5 кыз. Курманбектен - Кубанычбек, Чыңгыз - 2 уул.

Кубанычбектен - Ислам, Улан.

Кочкорбайдан - Илгиз, Баяман, Сыймык - 3 уул, 1 кыз. Дыйканбайдан - бала жок. Султандан - Борбу -1 уул, Мария - 1 кыз. Борбудан - Аманбай, Акынбай, Аллакул, Абдыкаар - 4 уул, Сонунбү -1 кыз. 1. Аманбайдан - Акматжан, Таалайбек, Бактыбек, Болотбек-4 уул. Акматжандан - Алмаз, Максатбек - 2 уул. Таалайбектек-Эрмек, Бексултан. Бактыбектен – Мунарбек, Алтынбек, Өмурбек Болоттон - Канат 2. Акынбайдан - Абдыразак, Абдибаит, Абдурасул, Адылбек - 4 уул. Абдыразактан – Замир, Алтынбек Абдибаиттен –

3. Аллакулдант - Абдырахман, Маматкадыр - 2 уул. Абдырахмандан - Маматкадырдан - Улан, Нурдин, Нурсултан. 4. Абдыкаардан - Өскөнбай, Көчкөнбай - 2 уул. Өскөнбайдан - Көчкөнбайдан-Эркин. 6) Баястандын: Суранынан - Назаркул -1 уул. Назаркулдан - Ысабай, Турдукул, Календер, Калмурат - 4 уул. 1. Ысабайдан - Өмүрзак, Касымбек, Аккочкор - 3 уул. A) Өмүрзактан - Шамши -1 уул, Саламат, Мээри - 2 кыз. Б) Касымбектен - бала жок. B) Аккочкордон - Самидин, Ашир, булардан бала жок. Алтынай, Кумушай - 2 кыз. 2. Турдукулдан - Ысмайыл -1 уул. Ысмайылдан - Урмамат -1 уул, Анаш, Кимсан, Чолпон - 3. кыз. 3. Календердан - Мыктар, Токтомурат, Эркинбек - 3 уул. Мыктардан - 3 уул болгон, азыр дайынсыз. Токтомураттан-Токтосун, Орозмамат - 2 уул. Токтосундан - Курманбек, Майрамбек, Автандил - 3 уул. Орозмаматтан - Арзымат, Ырысмамат, Чыңгыз, Бекмамат - 4 уул. Эркинбектен - Замир, Канат – 2 уул 4. Калмураттан – Төлөш -1 уул. Төлөштөн - Асилбек-1 уул. В) Баястандын: Төрөкулунан - Молдошер, Айдар - 2 уул. 1. Молдошерден - Кундуз, Кайры - 2 кыз. Айдардан - Курманбек, Абдиллакул. Курманбектен - Турсунбек -1 уул, Пазилат -1 кыз. Абдиллакулдан - бала жок. Г) Баястандын - Кадыркулунан бала жок. 2. Беренбийдин 2-уулу Калчадан - Кулжыгач, Өмүр, Калы - 3 уул. Беренбий өлгөнден кийин, бийлик Калчага калат. Калча Кетмен-Төбөден келген өңдүү-түстүү аялга үйлөнөт. Анын ээрчитип келген баласы Кулжыгач болот. Ал эми Өмүр менен Калы Калчанын өзүнүн баласы. 1. Кулжыгачтан - Кулназар, Калназар, Акбай - 3 уул. A) Кулназардан - Молдалы, Молдалыдан - Борокон , Тойчу - 2 уул. Борокондон бала жок. Тойчудан - Базарбай -1 уул, 5 кыз. Б) Калназардан - Осмон-1 уул. Осмондон бир кыз Мээликан. B) Акбайдан - Абдырахман, Орозали - 2 уул. Абдырахмандан-Арзыбек -1 уул. Арзыбектен Калдар, Арапбай - Таалай 3 уул. Орозалиден – Масүр.

2. Калчанын Өмүрүнөн - Бабаяр, Молдояр, Кожояр, Айдар, Чыйбыл, Карабай, Жаркынбай - 7 уул. A) Бабаярдан - Акимжан, Муратбек, булардан бала жок. Б) Молдоярдан - Айымсара аттуу 1 кыз бар. B) Кожоярдан - бала жок. Г) Айдардан - Акмат, Ырыскул - 2 уул. Акматтан - Көчкөн, Маматжан, Маматкадыр, Сапарбай - 4 уул. Ырыскулдан - уул жок. Акматтын: Көчкөнүнөн - Искендер -1 уул. Маматжандан - Маматкадырдан - Нурпазыл, Нурбек - 2 уул. Нурпазылдан – Калыйнур, Искак Нурбектен - Кубанычбек Сапарбайдан - Д) Чыйбылдан - Кадыркул, Райымжан - 2 уул. Кадыркулдан - бала жок. Райымжандан - Рахманжан, Закиржан, Акимжан, Зайырбек - 4 уул. 1. Рахманжандан - Максат, Акайбек, Байсалбек, 2.3акиржандан – Замирбек, Акылбек, Дамирбек, Нуртилек – 4 уул 3. Акимжандан - Рысбек, Ильяз 4. 3аирбектен - Мыктыбек, Байэл Калчанын: Калы-бийинен. Калы-бийдин 2 аялы болуп,2 аялдан: 8 уул, 3 кыз болгон. Кыргыз аялынан: Стамкул, Кудаяр, Жаныбек, Ниязбек, Таабалды, Жолой, Кошой - 7 уул, Тоту деген бир кыз, Шамшиевтердин апасы болот. Ал эми араб аялынан - Касымбек -1 уул, Гүлсүн, Кундуз-2 кыз. Гүлсүн Кулумбетовдордун апасы. Калы-бийдин Стамкулунан - Мырзакан, Атакан, Мырзакул, Асан, үсөн, Дарманкул, Кудайберди, Мырзаш, Токтогул - 9 уул, Турсунайым 1 кыз. А) Мырзакандан - Батыркан. Батыркандан -1 уул, 1 кыз, уулу өлгөн, кызы - Калыя эже Кызыл-Тууда. Б) Атакандан - Камчыбек, Зулумбек - 2 уул. Камчыбек жаш өлгөн. Зулумбектен - Өскөн, Абдижалил, Абдыкалил, Абдыганы, Абдыбакы - 5 уул. Стамкулдун: Кудайберди, Мырзаш, Токтогул деген балдарынан перзент жок. A) Өскөнден - Сапарбек, Алмазбек - 2 уул. Б) Абдижалилден - Максатбек, Талантбек, Туратбек - 3 уул. B) Абдикалилден - Самат, Марат - 2 уул. Г) Абдыганыдан - Нурбек, Нургазы - 2 уул. Д) Абдыбакыдан - Медер - 1 уул. Стамкулдун Дарманкул деген уулунан Аллакул кассап, Кочкор-Атада. Стамкулдун уулу Мырзакулдан - Эркинбек, Арзыкул - 2 уул. А) Эркинбектен - Мамасейит, Маматкадыр - 2 уул. Мамасейиттен - Арстанбек, Азамат-2 уул. Арстанбек 22 жашта өтүп кеткен. Азаматтан-Нурсулуу Б) Арзыкулдан - Абдырасул, Абдували, Талантбек, Канатбек, Адашбек - 5 уул. Маматкадырдан - Иляз, Кыяз, Болотбек, Сулайман -4 уул.

Стамкул уулу Асандан - Эргешбай. Эргешбайдан - Бактыбек, Багышбек. Стамкул уулу үсөн - Маматкарим -1 уул, Айымпаша 1 кыз. Маматкаримден - Руслан, Нурлан - 2 уул. Русландан - Даут, Дуулат - 2 уул. Нурландан - Нурислам, Динислам, Нияз 2. Калы-бийдин Кудаярынан - Тилеке, Атамбек, Ажымырза, Эргеш, Шермат, Атамырза -6 уул. 1. Тилекеден - Саламат 1 кыз 2. Атамбектен - Пазылат 1 кыз Ажымырза, Эргештен перзент жок. Шерматтан - Адашбек, Анарбек, Алмазбек - 3 уул. 1. Адаштан – Мурадил, Өмурбек - 2 уул. Анарбектен - Жумадыл, Дооронбек, Адилет. Алмазбектен - Орозбек. Атамырзадан - Акбарали, Аскарали - 2 уул. Акбаралиден - Курстанбек, Болотбек, Данияр - 3 уул. 1. Курстанбектен – Манас, Курманбек, Байел - 3 уул. Болотбектен - Алинур, Нурислам, Нурсултан, Азамат-4 уул. Даниярдан - Исламбек, Султанбек. Аскаралиден - Уланбек, Уларбек - 2 уул. Калыбийдин Жаныбек деген уулунан 1 кыз, Эркайым. Калыбийдин - Ниязбек, Жолой, Касымбектен бала жок. Калыбийдин Кошойунан - Сүйүнбай, Эсенбай. үрбай - 3 уул 1. Сүйүнбайдан бала жок. Эсенбайдан - Абдыкерим, Абдыкайым, Кубанычбек. Кадырбек, Муратбек - 5 уул. 1. Абдыкеримден - Талантбек, -1 уул. 2. Абдыкайымдан - Байзак, үсөн - 2 уул. 3. Кубанычбектен-Чынгыз, Кадырбектен - Мусабек, Майрамбек. Муратбектен – Эламан, Бексултан үрбайдан - Асан, үсөн - 2 уул. Калыбийдин Таабалдысынан - Адилбек, Райымбек. Курбанали - 3 уул. 1. Адилбек, Раймбектен перзент жок. Курбаналиден - Абдумиталип, Төлөгөн. 1. Абдулмуталиптен - Абдыкалык, Абдыбакы, Таалай - 3 уул. Абдыкалык – Алмазбек, Жеңиш, Кеңеш, Баястан Абдыбакыдан – Таалайдан - 2. Төлөгөндөн - Каныбек, Айбек. Беренбийдин Мырзасынан - Нурмат. Баймат - 2 уул. Нурматтан бала жок. Байматтан - Жолборс -1 уул. Жолборстон бала жок 4. Беренбийдин: Чигитейинен - Алымбай, Асанбай, Алдөмөт ажы - 3 уул. 1. Алымбайдан - Кара, Сары, Урайым - 3 уул. А) Карадан - Назгул 1 кыз. Б) Сарыдан - Абдырахман. Абдыжапар - 2 уул. В) Урайымдан - Зулпукар. Булардын барынан бала жок. 2. Асанбайдан - Мундузбай, Бешимбай, Беки, Кален, Бөкү - 5 уул. A) Мундузбайдан - Зулумбай. Зулумбайдан бала жок. Б) Бешимбай менен Бөкүдөн бала жок. B) Бекиден - Жүнүсалы, Жүнүсалыдан - Калмамат, Сейтмамат, Каныбек. Жаныбек - 4 уул. 1. Калмаматтан - Максат, Нурмат, Баймат. - 3 уул. 2. Сейтмаматтан - Бекмамат, Нуржигит 3. Каныбектен - Искендер 4. Жаныбектен - Байэл Г) Календен – Сатар, Капар, Ошор - 3 уул. 3. Алдөмөт ажыдан – Султан, 1 уул, Бурул – 1 кыз Султандан – Мамадали – 1 уул. Мамадалиден - Парпибай, Курбанали, Шакирали - 3 уул, Бадалайым – 1 кыз. A) Парпибайдан - Рахман. Маматжан, Мамажан - 3 уул. Б) Рахмандан - Айбек. B) Маматжандан - Г) Мамажандан - Нуркен, үсөн, Айтбек. Курбаналиден – Эсен, Момун - 2 уул. 1 Эсенден - Алмамбет, Аймамбет, Нурмамбет - 3 уул. 2. Момундан - Нурбек, Мирбек, Мелис, Момбек Баястан. Шакиралиден – Жоомартбек, Талантбек, Медербек, Равшанбек - 4 уул. Жоомарттан - Даулатбек. Туратбек. 2. Талантбектен - Канатбек. Саматбек. Медербектен - Нуртилек 4. Раушанбектен - Нурислам, Нурсултан. Бадалайымдан – 3 уул, 3 кыз бар. Беренбийдин: Иметейинен - Алабек. Алабектен - Мааке, Надир, Садир, Жаркынбай - 4 уул. 1. Маакеден – Арстанбек, Абдыгул, Дарманкул - 3 уул. Арстанбектен - Калбай. Калбайдан - Садырбек, Ырысбек, Таалайбек, Бактыбек, Кенжебек - 5 уул. 1. Садырбектен - Сапарбек, Сейит 2. Ырысбектен - Руслан 3. Бактыбектен 4. Кенжебектен Б) Абдыкулдан бала жок.

В) Дарманкулдан - Кубанычбек -1 уул. Надырбек. Садырдан бала жок. Жаркынбайдан - Байгазы. 6.Беренбийдин (Жаман киши) Арзысынан Арзыдан - Каримккул, Сатымкул, Аттокур, Сейит, Байтемир - 5 уул. А) Каримкулдан - Аззали, Байзак. Байжигит, Мамасыдык. Абдырахман, Парпибай - 6 уул. А) Аззалиден - Мадамөр, Кудайберди, Эгемберди - 3 уул. 1. Мадамөрдөн - Төлөгөн, Имин, Мамажан. A) Төлөгөндөн – Мавлян, Аким, Азим, Абдыбакы, Таалай - 5 уул. Б) Иминден - Рахман B) Мамажандан - Максат Б) Кудайбердиден - Жолон, Митал, Жапар, Кочон -4 уул. В) Эгембердиден - Эргеш, Жүнүс, Ырыс, Эмил, Кенже, Алмаз - 6 уул. Б) Каримкулдун Байзагынан - Абдырайм, Маматрайым - 2 уул. 1) Абдырайымдан - Мамыт, үрмамат. 2. Маматраймдан - A) Мамыттан-уул. Б) үрмаматтан - Камил, Орозбек, Нурбек. B) Каримкулдун Байжигитинен - Абыл 2. Каримкулдун Мамсыдыгынан – Касым, Мырзан, Мамаш, Камал - 4 уул. 1. Касымдан - Мукамбет. 2. Мырзандан - Абдыманап, Абдыжалил, Каныбек. 3. Мамаштан - Кубанычбек, Бактыбек, Нурбек, Русланбек. 4. Камалден - Арзыкан -1 кыз. Д) Каримкулдун Абдырахманынан бала жок. Е) Каримкулдун Парпибайынан - Маматкарим, Маматкаримден - Арзынын Сатымкулунан - Анарбай, Кайбалы. Анарбайдан - Абдилла, Раймберди, Тажимат. A) Абдилладан - үсүпжан, Мырзажан, Алимжан. Б) Раймбердиден - Абдымалик, Чолпон, Дыйкан. B) Тажиматтан - Маматкадыр, Маматурайим. Кайбалыдан бала жок. Маматкадырдан – Мамасадир, Айбек, Алтынбек Мамасадирдан – Семетей, Алтынбектен – Адилет, 3) Арзынын Аттокурунан - Мамат, Кожомурат, Шамурат, Момун, Кожоберди. 1. Маматтан - Маккам. Маккамдан бала жок. 2. Кожомураттан да бала жок. 3. Шамураттан - Жапар. Жапардан бала жок. 4. Момундан - Ажимамат.

5. Кожобердиден - Токтоназар. Токтоназардан - Калдарбек, Анарбек, Аширбек, Камчыбек - 4уул. Калдарбектен – Дооронбек, Канатбек, Советбек

Аширбектен - Алманбет, Бекмамат, Жанболот. Камчыбектен - Каныбек, Орозбек. В) Арзынын Сейитинен - Ташмамат. Ташмаматтан - Айдарбек, Асилбек. 1. Айдарбектен - Шербек, Насир, Эгемен, Кеменген. 2. Асилбектен - Иляз, Сулайман, Максат, Бүркүт. Г) Арзынын Байтемиринен - Акмат. Акматтан - Бабаш, Мамазакир. Бабаштан - Арзыкул, Аманбай, Сапарбай A) Арзыкулдан - Тагай, Митал, Маман, Мамасали - 4уул. Б) Аманкулдан – Орозбек Орозбектен – Бакытбек, Акылбек, Авазбек, Акматбек. B) Сапарбайдан – Жылдызбек, Кубанычбек 2. Мамазакирден - Анарбек, Молобек, Эркин A) Анарбайдан - Токтомурат-1 уул. Б) Жоробектен - Рахманжан, Токон. B) Молобектен - Кочкоралы, Дүйшөналы. Г) Эркинбектен - 7) Беренбийдин (Жаман ккиши) Олоконунан - Базарбай. Базарбайдан - Осмоналы, Дөөлөталы, Сейиталы. А) Осмоналыдан - Жакыбалы, Токтоназар, Эгемназар. 1. Жакыбалиден - Исраил, Мамарасул, Төлөн. Исраил жаш өлгөн. Мамарасулдан - Касым, Орозбек, Эркин. Төлөндөн - Кутбидин, Жеңиш, Таалайбек, Бактыяр, Алимбек - 5 уул. Токтоназар, Эгемназардан - перзент жок. Б) Дөөлөталыдан - Ысак, Мамаш - 2 уул. Исактан-үрмамат, Айткул - 2 уул. Айткулдан -1 уул Сейиталыдан - тукум жок. 8) Беренбийдин Айбашынан (Уйбок). Айбаш энесиинен калбай саан уйлардын жана короодогу уйлардын заңына жыгылып, үстү-башы булганып жүргөндүктөн, аны көргөндөр Уйбок келе жатат деп жүрүп, кийин Уйбок атка конуп калыптыр. Айбаштан - Кулбай, Жумабай, Эралы, Ормок -4 уул.

1. Кулбайдан - Калмурат, Баймурат, Тажикул - 3 уул. А) Калмураттан - үрайым -1 уул. Б) Баймураттан - Алыке, Жусуп, Күйүк, Борончу - 4уул. 1. Алыкеден – Максут – 1 уул Максуттан - Темир. Темирден - Кубанычбек, Жаныш, Байыш, Асан, үсөн, Чолпон. Кубанычбектен – Данияр

Асандан – үсөндөн - Жоомарт 2. Жусуптан – Осмон Осмондон - Бөрүбай, Момун - 2 уул. Бөрүбайдан - Абдималик, Маматасан, Калмамат, Абдыкалык, Абдисатар - 5 уул. Момундан - Абдывахап, Жолдошбай, Асан, үсөн - 4 уул. 3. Күйүктөн - Акберди. Андан уул жок. 4. Борончудан - перзент жок. Тажикулдан - перзент жок 2. Уйбоктун 2-уулу Жумабайдан - Назармат, Көкү, Ниязбек. Назарматтан - Азбай – 1 уул. 3 кыз Азбайдан - Төлөн. 2-аялынан: Абдилазиз, Атий, Абжалил, Абдималик. Жумабайдын Көкүсүнөн - Абдырахман, Колдоң - 2 уул. А) Абдырахман, Колдоңдон - перзент жок. Жумабайдын Ниязбегинен-Карабай. Карабайдан перзент жок. Айбаштын Эралысынан - Молдобай, Тиллебай, Нурбай, Боронбай - 4 уул. 1. Молдобайдан - Абакул, Маалайкул - 2 уул. Абакулдун 1-аялынан: - Рахманжан, Алимжан, Акимжан. 2-аялынан: - Өмүржан, Эркин. Б) Маалайкулдан - перзент жок. Тиллебайдан - Абдулла, Көчкөнбай. Абдулладан - Жолчубек Көчкөнбайдан - Ырысбек, Баатырбек, Алмазбек, Кубанычбек-4 уул. 3. Нурбайдан - Мусакул, Ысакул. Булардан уул жок. 4. Боронбайдан - перзент жок. Айбаштын 4-уулу Ормондон - Асранкул, Атакул, Дөөлөтбай, Төрөбай, Төлөмырза -5 уул. 1. Асранккулдан - Мамажунус, Тажимамат, Ысмайыл. A) Мамажунустан - Эргеш, Мамат - 2 уул. 2. Маматтан - Камыт, Кошалы, Капар, Совет. Б) Тажимаматтан - Эрмамат. B) Ысмайылдан - Айдарбек, Жеңишбек, Таалайбек -4 уул.

2. Атакул, Дөөлөтбайдан - перзент жок. 3. Төрөбайдан - Камал. Камалдан - Алымжан, Эркин. 4. Төлөмырзадан - Акматжан.

2. Шербектин 2-уулу Кудайназар. Кудайназардан - Эрке Сары, Казак - 2 уул. Эрке Сарыдан - Сагындык, Каратай, Черик, Орозбек. Сагындыктан - Сатыбалды А) Сатыбалдыдан - Арип, Төлөш, Калык - 3 уул. Ариптен перзент жок. өлөштөн - Абдымалик, Абдижалил, Акматали, Алтынбек. 3. Калыктан - Авазбек, Болотбек, Кылычбек, Бактыбек. 2. Каратайдан - Тагай -1уул. Тагайдан - Мамат, Алыбай, Кален. Маматтан - Абжапар. З. Чериктен - Жолборс, Аширбек, Бапеш, Чыбыке. Жолборс, Аширбектен - перзент жок. Б) Бапештен – Алымбек. Алымбектен - Абдырахман, Абдилла, Абдиназар, Бакытбек - 4 уул. Кудайназардын Казагынан - Шаке, Шаболот, Абай, Боко - 4 уул. 1. Шакеден - Ниязбек Ниязбектен - Айталы, Жайкулу, Нурбай. Айталыдан – Абдилла. Абдилладан - Бакыт, Турат, Тумар. 2. Жанкулундан - Кокон. 3. Нурбайдан - Залымбек. Залымбектен - Канат, Сүйүнбек, Кенжебек - 3 уул. Шааболоттон - Сартбай. Сартбайдан - Сейиталы, Өмөралы. Сейиталыдан - Жуманазар, Дөмүш. Жуманазардан бала жок. Дөмүштөн-Апсамат. Апсаматтан-Тилек, Медер. Тилектен – Субан, Кутман Медерден - Б) Өмөралыдан - Осмон, Абдилла, Молдали. 1.0смондон - Багыш, Имаш, Адиш. Багыштан - бала жок. Имаштан - Уезд, Алмаз. Адиштан - Усупжан, Мырзан. Абдилладан уул жок. Молдалыдан - Мамажан, Токтогул. 3. Абайдан - Тайчик, Жабалы, Абдырайым. Тайчиктен - Ибрайим. Ибрайимден - Токтомурат, Эргешалы, Маматжан. Жабалыдан - Асанбек, Сабырбек. 4. Казактын Бөкөсүнөн - Кадыралы, Ботобай - 2 уул. Кадыралыдан - Калмурза. Ботобайдан - Өмөрбай.

Мындан ары санжыраны улантууну келечек муундан үмүт кылабыз. Компьютерден 2015-жылы,3-апрелде басылды. Дагы кененирээк маалыматты интернет булагы аркылуу "Жазгак" айылынын тарыхынан издесеңер болот. Google/ Яндекс.

2016-08-11 182 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11