Жашоо философиялык ой жүгүртү


Жашоо (латын тилинен келген ex(s) istentia, ex(s) isto – жашайм) – болмуштун жана анын маани-маңызын, бардык түрдүү нерселердин-буюмдардын, учурлардын, түшүнүктөрдүн өз ара байланыштарын, өзгөрүүлөрүн жана аракеттенишүүлөрүн бириктирип турган онтология түшүнүгү болуп эсептелет. Философиянын тарыхында түшүнүгү көбүнчө нерселердин, буюмдардын тажрыйба аркылуу гана аңдалып-билинген сырткы гана болмушу катарында колдонулуп келген. Аныгында болсо, жашоону жана маңызды (сущность), болмуш жана өзгөрүп-өсүшү ажыралып терең ички биримдикте кароо гана Жашоо түшүнүгүн толук билүүгө мүмкүндүк берет. Жашоо менен маңызды болмуштун эки мааниси катарында биринчи жолу Авиценнанын таасири менен Швейцариялык анарахист Дж. Гильом айырмалаган. Ал боюча Жашоо нерсенин, буюмдун маңызын аныктоого кирбейт, болмуш да субстанция катарында өзүнүн акциоденциясынан тышкары турат. Ф. Аквинскийдин философиясында мындай айырмалоо-жашоо жана маңыз болмуштун эки башталышын айырмалоо болот деп өткөрүлөт. Болмуш-аракет, дейт Фома, ал Кудайдын эң жогорку реалдуулугу. Башка бардык макулук дүйнө нерселерде маңыз жана жашоо бири-бирине дал келбейт. Жан (душа) форма катарында денеге (тело) жашоо берет, а өзү жашоону Кудайдан алат. Жашоо маңыздын чеги, башкача айтканда идеалдуулугу болуп чыгып турат. Жаңы доор мезгилинде Жашоо түшүнүгү сезим тажрыйбасында (эмпиризм) айрым фактылардын реалдуулугун же рационалдуу акылдын реалдуулугун белгилөөгө колдонулган. И. Кантта болсо Жашоо нерсенин аңдап-билүү субъектисине жасаган мамилесин белгилөөчү категория. С. Карьеркегор өзүнүн экзистенциалдык «үлгү» философиясында Жашоо жаңы мааниде уникалдуу, жекелик, инсандык, чектүү Адам болмушу деп түшүнөт. Бул түшүнүү боюнча Жашоо 20-кылымдагы экзистенциялык философия (С. К. Ясперс, М. Хайдеггер) үчүн борбордук түшүнүк болуп калууда. Маңыз жана кубулуш-дүйнөдөгү бардык объектердин жана процесстердин жалпы зарыл жактарын чагылдыруучу философиялык категориялар. Маңыз-материалдык, аң-сезимдик системанын өнүгүүсүнүн негизги, фундаменталдуу белгиси, өзгөчөлүгүн жана тенденциясын аныктоочу терең байланыштардын, мамилелердин жана ички мыйзамченемдүүлүктөрдүн топтому. Кубулуш-маңыз менен шартташкан системанын касиеттери, белгилери, мамилелери. Бардык системалар өздөрүнүн мазмунуна себеп-натыйжа байланыштарын кошуу менен өз ара шартташып жана шарт коюшуп турушат. Өз ара шартташпаган жана шарт коюшпаган бир дагы система болбойт. Билинип-көрүнбөгөн маңыз болбойт, маңызсыз кубулуш да болбойт. Маңыз менен кубулуш ажырагыс байланышкан. Кубулуштар эки типте болот: 1) бирдей окшоштор жана 2) бирдей окшош эместер (окшош сыяктануу, өңдөнүү, сырткы эле көрүнүш). Сыртынан окшош сыяктанып көрүнгөн кубулуштар эки түрдүү болушат: а) ички маңыздуулар жана б) кондиционалдуулар. Кубулушта зарылдыктан, жалпылыктан, маанилүү-олуттуудан башка дагы бир катар кокустуктар индивидуалдыктар, убактылуу моменттер (кырдаалдар, учурлар) болот. Кеңирлик, көлөмдүк касиеттери боюнча кубулуш маңызга караганда бай, бирок, тереңдик мааниси боюнча маңыз кубулуштан бай болот. Кубулуш маңыздын көп жактарынын бирөөнү билдирет, бирок, анын бүткүл маңызына эч качан толук дал келбейт. Аңдап-билүү процессинде эң башкысы негизинен системанын негизги мыйзамын билдирген маңызды кармап, анын жалпы, алдыңкы структурасын (түзүлүшүн) ачып көрсөтүү маанилүү. Муну менен маңыздын деңгээлдеринин диалектикасына конкреттүүлүк киргизилет, ошону менен бирге дайыма өнүгүп, модификацияланып турган маңыздын деңгээлдеринин андан ары да аракетке келип өнүгүшүнө жол ачат. Маңыздын деңгээлдүү (толук бүтпөгөн багыныңкы). Мисалы, өз кезегинде химиялык элементтин негизги касиети атом салмагы деп эсептелген. Кийин мындай касиет болуп атом ядросунун заряды (электрдик кубаты) эсептелери аныкталды. Ошентип, «атом салмагы» деген маанилүү маңыз түшүнүк өзүнөн да жогорку деңгээлде турган «атом ядросунун заряды» деген маанилүү маңыз түшүнүгү аркылуу аныкталды.

2016-08-11 44 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11