Жасалга-колдонмо көркөм искусство


Жасалга-колдонмо көркөм искусство – өзүнүн бир гана практикалык керектелүү менен чектелбестен, парктарды, архитектуралык имараттарды, турак жайларды жана башкаларды кооздоо үчүн пайдаланылган көркөм жана эстетикалык сапаттагы тиричилик буюмдарын жасап чыгаруучу көркөм искусство. Ж.-к. к. и. тармагына көркөм аткарылган (даярдалган) эмерек, идиш-аяк, кийим, килемдер, сайма, зергерлик буюмдар, оюнчуктар жана башка буюмдар менен бирдикте орнаменттүү жазуулар, имараттын фасадын (бет маңдайын, алдыңкы бетин) жана интерьерин (ички жасалгасын) скульптуралык-жасалгалап кооздоо, каптоочу керамика жана витраждар кирет. Станоктук живопистен айырмаланып, Ж.-к. к. и. чыгармалары, эреже катары, буюмдун утилитардык (кайра иштетилиш) функциясы менен болгон байланышын жоготпойт жана өзүнүн көркөм образдуу маңызын курчап турган айлана-чөйрө менен бирдикте ачып көрсөтөт. Ж.-к. к. и-до кеңири колдонулган сюжеттик мотивдер өз алдынча турганда эч кандай мааниге ээ эмес. Алар жасалгалык милдеттер менен тыгыз байланышкан жана ансамблдин талаптарына ылайык анын техникасы менен материалынын өзгөчөлүктөрүн, буюмдун милдетин чечмелеп турат. Ошондуктан бул жерде станок живописинин чыгармаларына караганда көбүрөөк шарттуулукка жол берилет. Ж.-к. к. и. буюмдарынын тикелей утилитардык маанидеги (эмерек, идиш-аяк, тиричилик буюмдары, кийим) жана көбүрөөк жасалгалык мүнөздөгү (саймалап жазуу, жасалга кездемелери жана башкалар) предметтерин так ажыратып билүү зарыл. Бул эки түрдүн ортосунда кескин жана так бөлүнгөн чек жок, бирок ар биринин бир гана өзүнө таандык өзгөчө белгилери бар. Утилитардык мүнөздөгү буюмдарда буюмду көркөм жасалгалоо анын практикалык функциясы менен так кесе шайкеш болушу зарыл – бул жерде буюмдун эстетикалык сапаты, анын кооздугу менен эмес, ошол форманын максатка ылайыктуулугу маанисине жараша чечилет, жасалгалык максаттагы буюмдарда сюжеттик композицияларды кеңири жана эркин пайдаланууга көбүрөөк жол берилет. Станок живописи менен Ж.-к. к. и. ортосунда эки ортодогу формалар көркөм сүрөттөлгөн панно, гобелендер, плафондор кооздук статуялары) кеңири тараган. Булар архитектуралык бир бүтүндүктүн бөлүктөрү жана аны толуктап турушат. Ошол эле учурда аларды өз алдынча көркөм чыгарма катары да кароого болот. Ж. к. к. и. өзүнүн келип чыгыш тарыхы менен көркөм искусство дүйнөсүнүн эң байыркы түрүнө кирет, ал кол өнөрчүлүктүн өзүнчө өндүрүш-түк бир тармагы болуп бөлүнүп чыккан учурунан баштап эл арасында элдик кол өнөрчүлүктүн формасы катарында өнүгүп келген. Монументтик көркөм искусство менен салыштыр.

2016-08-11 40 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11