Жарыктын чагылышы


Жарыктын чагылышы – эки чөйрөнүн чек арасына түшкөн жарыктын ал келген чөйрөнү көздөй кайра таралышы. Ал үчүн биринчи чөйрө тунук болушу керек. Жарыктын чагылышынын натыйжасында ал чагылган бет көзгө көрүнөт. Чагылган жарыктын ургаалдуулугунун (интенсивдүүлүгүнүн) мейкиндикте бөлүнүшү чектеги беттин тегиз эместиги ƞ менен түшкөн жарык толкунунун узундугунун λ салыштырмалуу чоңдугуна жараша болот. Эгерде болсо, күзгүдөн чагылуу болот, б. а. түшкөн нур жарыктын чагылуу законуна баш ийип, бир багытка чагылганда, түшүү бурчу чагылуу бурчуна барабар болот. Эгерде ƞ=λ болсо, беттин тегиз эместиги толкун узундугуна салыштырмалуу тең болсо же андан ашып кетсе (бодурлуу бет, күңүрт бет), анда чагылган жарык диффузиялуу болот. Жарыктын диффузиялуу чагылуусу, тегиз эмес бетке түшкөн жарыктын ар кандай бурчтарга чачырашына алып келет. Ушундай эле чачыроо чөйрөнүн ички бир тектүү эместигинен да болот. Эгерде чектеш эки чөйрө тең тунук болсо жана жалпы чеги жалпак болсо, анда түшкөн жарыктын чагылышы жарыктын сынуу жана чагылуу законуна баш иет. Эгерде ƞ≥λ болсо жана бул тегиз эместиктер кандайдыр бир иреттүү жайгашса, чагылган жарыктын ургаалдуулугу дифракциялык торчонукуна окшош болот. Жарыктын чагылышы беттин чагылтуу жөндөмдүүлүгү, чагылтуу коэффициенти, башкача айтканда беттен чагылган жана ага түшкөн жарык агымдарынын катышы менен мүнөздөлөт. Жарыктын чагылышы табиятта көп кездешет жана турмушта мааниси зор. Жарыктын чагылышы оптикалык алеттерди (приборлорду) жасоодо жана илимий-изилдөө иштеринде кеңири колдонулат.

2016-08-11 215 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11