Жарык дисперсиясы


Жарык дисперсиясы – заттын сынуу көрсөткүчүнүн n жарык толкунунун жыштыгына 5 (толкун узундугуна λ) көз карандылыгын мүнөздөөчү кубулуш. Жарык дисперсиясынын негизинде ак жарык нуру үч кырдуу призмадан өткөндө, спектрлерге ажырайт. Бул спектрди изилдөө менен И. Ньютон жарык дисперсиясын ачкан (1672). Тунук заттардын сынуу көрсөткүчү (n) жарык толкунунун жыштыгына (5) түз, толкун узундугуна (λ) тескери пропорциялаш, ал спектрдеги түстөрдүн жайгашышын шарттайт. nдин λга болгон көз карандылыгы кадимки жарык дисперсиясы деп аталат. Заттын жарыкты жутуу тилкесине жакындаганда λ менен nдин өзгөрүшү татаал болот. Затта жарыктын сынышы жарыктын фазалык ылдамдыгынын өзгөрүүсүнүн натыйжасында болот. Мындай учурда заттын сынуу көрсөткүчү (n) төмөнкү формула менен аныкталат: n=с/сф, мында сф жарыктын берилген аралыктагы фазалык ылдамдыгы, с вакуумдагы жарык ылдамдыгы. Жарыктын электр-магниттик теориясы боюнча сф=с/μ, мындагы ε – диэлектрдик өткөрүмдүүлүк, μ – магниттик өткөрүмдүүлүк. Тунук заттардагы жарык дисперсиясы спектр алеттерин (приборлорун), ахроматтык линза жасоодо колдонулат.

2016-08-11 203 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11