Жарманас


Жарманас — "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Саякбай Каралаевдин варианты нда бирде Самаркандык Чоң Эшендин баласы делсе, бирде Карадөң уулу делет. Буруттан Манас аттуу баатыр чыгып, Бээжинге кан болот деген сыйкырчы аярларынын айтуусу боюнча кытайлардын башкы каны Эсенкан Манас аттуу баланы өзгөчө белгилери боюнча эмес, ысымы боюнча издетип сынчы-аярларын, балбан-баатырларын жөнөтөт. Алар жерден жерге кыдырып жүрүп акыры Самаркандан Ж. аттуу "бир дардайган баланы" таап ошону кармап алышат. Эсенкандын сынчылары: "Оң далысы кең экен, Өзү ойротту бузар эр экен... Каканчылуу Бээжинди, Кырып кетер уул экен... Карап турган жолборстой, Буга кагышкан аман болбостой..." ( Саякбай Каралаев, 1. 42), — деп сынап көрүп, анын "ойротту бузар" эр экенине көздөрү жеткенден кийин байлап, мойнуна коок кийгизип Бээжинге алып кетишет. Карыкан менен Эсенкан душманыбыз кармалды деп кубанып, кырк күнү той берип, Ж-ты кырк аркан бою зынданга салып коюшат ( Саякбай Каралаев, 1. 41, 44). Ж-тын согуш майданында көрсөткөн эрдиктери түздөн-түз сүрөттөлбөгөнү менен аны Манас ушул деп кармап кетүүнүн өзү — анын баатырдыгынын күбөсү. Ж. менен Билерикти калк атасы Кошой дун атайы кол курап барып туткундан бошотуп келиши ( Саякбай Каралаев, 1. 120, 146—150) алардын эрдигин гана баалоо эмес, мында адам бейкүнөө жапа чекпөөгө тийиш деген гуманисттик идея да жатат. "Семетейдин" кээ бир варианттарында Ж. жердин түбү Желпиништи жердеген жаман элдин ээси делет жана Манас карындашы Кардыгачты Ж-ка күйөөгө бергени айтылат ( Саякбай Каралаев, "Семетей" 1. 267, 269, 272). Сагымбай Орозбаковдун вариантында да Ж. Кардыгачтын күйөөсү экени эскерилет.

2016-08-11 136 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11