Жаркынайым


ЖАРКЫНАЙЫМ Асперди кызы, Хаким айым (1802–1868) – Кокон ханышасы, коомдук ишмер, ордодо «Хаким айым» деген ысым м-н белгилүү болгон. Ошол доордогу кыргыз элинде гана эмес, коңшу хандыктар м-н элдерде кадыр-баркка ээ болгон саруу уруусунун бийи Аспердинин кызы. Саруу уруусунун баргы уругунан. Ж-дын бала чагы Талас өрөөнүндө Карабуура суусунун жээгинде өткөн. Ж. мүчөсү келишкен, сулуу, акылдуу, сөздү орду м-н сүйлөгөн, эли кадырлаган кыз болгон. Атасы Мекеге ажылыкка барып келгенден ки - йин, Ж-ды жээни Шераалыга алып берген (к. Шераалы хан). Ж-дын мамл. ж-а коомдук иштерге катышуусу 1842-ж. Шераалынын Коконго хан болушунан башталат. Ж. ордодо аялдардын гана эмес, мамл. жогорку башкаруу чөйрөсүндө да абройго ээ болгон ж-а бардык мамл. иштер анын кийлигишүүсү м-н бүткөн. Касым миң башынын өлүм жазасынан бошотулушунда Ж. кийлигишкен. 1853-ж. ордодогу ичара тирешүү-лөрдөн кийин, Ж-дын буйругу м-н Мусулманкул дарга асылган. О. эле көп мамл. иштер, инсандарды мамл. кызматка коюу Ж-дын көрсөтмөсү м-н ишке ашып турган. 1862-ж. Бухара эмири Музаффардын жардамы м-н уулу Кудаярга бийликти алып берген. Кокон ордосундагы саясий күчтөрдүн күч алышы ж-а алардын кызыкчылыктары үчүн уулдарынын өзара аргасыз согуштарынын натыйжасында уулдарынын, неберелеринин набыт болушу Ж-дын саясий-дипломатиялык иштерине себепчи болгон. Хан энеси жүрөгүн ооруткан ушундай иштерден улам мамл. саясий иштерге кийлигишкен. Ошол мезгилдин атактуу зайыптары Курманжан м-н Зыйнатка «датка»наамын ыйгарууда да Ж-дын эмгеги чоң. Ордодогулар Ж-га «Ханышайым» же «Хаким айым» деп кайрылышкан. Кокон тарыхчысы Мырза Алим апасынын ж-а карындашынын өлүмү Кудаяр хандын бийлигинин бошоңдошуна себепкер болгондугун жазган. Кудаяр хан күн-дө эртең м-н апасынын акыл - насаатын угуп, ошол б-ча иш жүргүзгөн ж-а ага таазим кылган. Ж. өмүр бою ордонун ортосунда тигилген кыргыз боз үйүндө жашаган. Ж. каза болгондо аза күтүү бир нече күнгө созулуп, чоң урмат-сый м-н коюлган. Кокондон гана эмес, башка жактардан дагы элдер келип, мүрзөгө чейинки жол адамдарга толуп калгандыктан, табытты жайына чейин колмо-кол узатышкан. Кийин Кудаяр хан энесинин урматына 1869–70-ж. Кокондо медресе курдурган. Хаким айым медресеси Жамы мечитинин чыгыш тарабында жайгашкан. Курулушту Мулла Төрө уулу башкарып, 1870-ж. бүткөрүлгөн. Кийинки жылы Кудаяр хандын буйругу м-н Сырдарыядан Шахрихандын чыгышына чейин арык чыгарып, андан түшкөн каражатты Хаким айымдын медресесине вакф кылып берген. Медреседен калган жалгыз эстелик – «медресенин эшиги» азыркы күндө Кокон сарайы тарыхый музейинде сакталып турат. Ал эми Кокон ш-нын борборунда Ж-дын күмбөзү Шераалы хандын күмбөзүнө жанаша бүгүнкү күнгө чейин ошол бойдон турат.

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003

2016-08-11 51 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11