Жаркымбай Кыдык уулу


Жаркымбай Кыдык уулу, Жаркымбай молдо (туулган жылы белгисиз, Кочкор өрөөнү — 1930-жылдар, түрмө) — 19-кылымдын акыркы чейрегинде чыккан алгачкы кыргыз агартуучусу.
Ал белгилүү тарыхчы, агартуучу, санжырачы Осмоналы Сыдык уулунун биринчи мугалими.
Жаркымбай Кочкор өрөөнүнө медресе, мечит салдырган. Ал 1916-ж. Кочкордогу көтөрүлүшчүлөр орус аскерлеринен чегинип баратканда солдаттардын аткылап турганына карабай медресеге чаап барып, андагы китептерин ала кетүүге жетишкен.
Жаркымбай Кыдык уулу 1930-жылдары тоталитардык бийлик тарабынан ак жеринен репрессияланып курман болгон.

2016-08-11 22 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11