Жаркымбаев кыштагы


Жаркымбаев кыштагы - Таштак, Каменка – Ысык-Көл районундагы кыштак. Абдрахманов атындагы айыл округуна караштуу. Бишкек – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1650 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 70 км чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 150 км. Кыштак 1834-ж. негизделген. Калкы 2676 (2008), негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, амбулатория, дарыкана, клуб бар. Мончо, ашкана иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштак ушул жерде төрөлгөн Советтик Союз. Баатыры К. Жаркымбаевдин ысмынан аталган.

2016-08-11 34 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11