Жарды-Кайыңды суусу




Жарды-Кайыңды, суусу - Москва районунун аймагы аркылуу аккан суу. Чүй дарыясынын алабына кирет. Узундугу 31км, алабынын аянты 191чарчы/чакырым. Кыргыз Ала-Тоосунун ортоңку бөлүгүнүн түндүк беттериндеги мөңгүлөрдөн башталып, Орто-Арык кыштагынан 3км түштүктөн агымы үзүлөт. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3000м. Жалпы узундугу 72км келген 28 куймасы бар. Алабынын жалпы аянты 4чарчы/чакырымдей майда мөңгүлөр, 0,14 чарчы/чакырым болгон 6 көл орун алган. Май-сентябрда ташкындап, октябрь-апрелде тартылып агат. Көп жылдык орточо чыгымы 1,64 м3/сек. Июль айында суусу мол болот, орточо чыгымы 4,30м3/сек. Айрым жылдары кыш айларында соолуп калат. Сугатка пайдаланылат. Жардыкайыңдыдан 10м3/секга жакын суу өткөрүүчү Каптал, Кумарык, Сай каналдары башталат. Өрөөнүндө Каптал-Арык, Орто-Арык, Күрпүлдөк Жана башка кыштактар жайгашкан.

2016-08-11 59 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11