Жаратылыш каучугу


Жаратылыш каучугу (С5Н8)4 – жаратылышта кезигүүчү, стереорегулярлуу түзүлүштөгү полиизопрен. Полимер курамындагы изопрен мол-лары бири-бири менен 1,4-цис абалда байланышып, анын структурасы:

СН3 Н СН3 Н

С=С С=С

¾СН2 СН2 ¾ СН2 СН2¾

Ж. к. кээ бир өсүмдүк ширесинен алынат. Каучук берүүчү өсүмдүктөр-гевея, гвалюлла, көксагыз ж. б. Ө. ж. тропиктик өлкөлөрдө өсүүчү гевея жыгачынын гана мааниси бар. Гевея жыгачы бетин атайын жасалган аспаптар (бычактар) менен тилгенде латекс деп аталуучу сүт сымал эмульсия агып түшөт. Бир түп гевея жыгачынан бир жылда 500-2000 кг латекс алынат. Анын курамында 20-60% каучук болот. Латексти кумурска же уксус к-тасы менен коагуляциялап, суу менен жуугандан кийин чийки каучук алынат. Ж к. механикалык бышыктыгы начар, темп-ранын, хим. реагенттер, орг. эриткичтиктер таасирине туруксуз болгондуктан, алар техникада таза түрүндө колдонулбайт. Ж. к. техникалык касиеттерин жогорулатуу үчүн ага күкүрттү кошуп ысытыш керек. Бул процесс вулканизациялоо деп аталат. Вулканизациялоодо күкүрт менен кошо кээ бир толтургучтар да кошулат (мис., көө). Вулканизацияланган каучук-резина. Ж. к. изомери - гуттаперча. Анын структурасы изопрендин транс-изомери. Ал "катуу каучук" деген ат менен белгилүү. Гуттаперчадан оюнчуктар, кабелдер үчүн изоляторлор, ойноочу топтор жасалат.

2016-08-11 516 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11