Жарандык укуктарды коргоо


Жарандык укуктарды коргоо – бузулган же талаш-тартыштуу жарандык укуктарды коргоо актыларын жана тартиптерин аныктоочу жарандык мыйзам институттарынын бири. КР жарандык мыйзамдарына ылайык Ж. у. к-ну сот же бейтарап сот, ал эми мыйзамда белгиленген учурларда ошондой эле административдик органдар да жүзөгө ашырат. Ж. у. к. төмөндөгүдөй ишке ашырылат: а) укугун таануу, укуктарды бузганга чейинки абалды калыбына келтирүү жана укуктарды бузуучу же анын бузулушуна коркунуч келтирүүчү аракеттерди болтурбай коюу, б) талаштуу иштерди жараксыз деп табуу жана анын жараксыз делген жыйынтыктарын колдонуу, кичинекей иштин жараксыздалган жыйынтыктарын колдонуу жана мыйзамда көрсөтүлгөн башка жолдор менен ашырылат.

2016-08-11 102 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11