Жарандык кодекс


Жарандык кодекс – жарандык иштин катышуучуларынын укуктук абалын, менчик укуктары менен ж. б. мүлктүк укуктарынын келип чыгуу негиздерин, аны ишке ашыруу тартибин, келишимдик ж. б. милдеттенмелерин жөнгө салуучу интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларына (интеллектуалдык менчикке) карата жекече укуктарды, ошондой эле башка мүлктүк жана анын катышуучуларынын (жеке жана юридикалык жактардын) теңчилик, жеке эрктик, мүлктүк өзалдынчалуулугуна негизделген мүлктүк эмес жеке мамилелери менен байланышкан укуктарды аныктоочу атайын тутумдаштырылган бирдиктүү мыйзам актысы. Ж. к. ишкердик жүргүзүүчү же аларга катышуучу адамдардын ортосундагы мамилелерди да жөнгө салат. Жарандык укуктун негизги булагы.

2016-08-11 113 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11