Жара


Жара — тери же былжыр челдин жана анын алдында жаткан ткандардын бузулган жери. Ж. дененин сыртында жана ички. органдарда (карын, ичеги жана башка) кезигет. Анын пайда болушуна териге механикалык (сүрүлүү, басым), физикалык, химиялык жана башка таасирлер, кан жана лимфа айлануусунун бузулушу (мисалы, вена кан тамырынын варикоздук кеңейиши, атеросклероз ж. б-да кандын токтоп калуусу), сезгенүү процесси (туберкулёз, ириң инфекциясы), зат алмашуунун бузулушу (кант диабети, авитаминоз), катуу кайгыруу жана башка себеп болушу мүмкүн. Ж. дененин ар кандай бөлүгүндө жайгашат, айрыкча бутта көп жолугат. Ооздогу, ички органдардагы Ж. (стоматит, жара оорулары) өзгөчө мүнөздө болот.

Ж. жалгыздан же көптөн чыгып, көлөмү, формасы жана терендиги ар кандай, Кээде Ж. өтө терең кетип, ар кандай ткандарга — май, булчуң, сөөккө чейин жетет. Ж - нын бети ириң же тырык, же бириктиргич ткандар менен капталат. Ж. өтө кабылдап, күчөп кеткенде кан агат, мисалы, карын жана он эки эли ичегинин Ж - сынан кан акканда, оорулуу аз убакытта эле өтө көп кан жоготушу мүмкүн. Бул убакытта тезинен дарылоо жүргүзүлүп, операция жасалат. Ж-ны дарылоо түрдүү комплекстерден турат: түрдүүлөп жакшы тамактануу, кан айланууну, зат алмашууну калыбына келтирүү, витамин берүү, операция жасоо, организмде болуп жаткан биохимиялык өзгөрүүлөргө дайыма көз салуу жана башка Алдын алууда, мисалы, веналардын кеңейишинде жараны болтурбоо үчүн атайын чоюлгуч байпак кийип, эмгек жана эс алууну жөнгө салуу, врачтын сунушун так аткаруу керек. Кээ бир ооруларда (кант диабети, эндартериит) Ж-ны алдын алуу үчүн бутту урунуудан жана майда жарааттан сактоо, негизги ооруну врачтын көзөмөлүндө өз убагында дарылоо зарыл. Ооздогу Ж-ны алдын алууну, Шилтеме: Стоматит, карын жана он эки эли ичегинин Ж - сын алдын алууну, Шилтеме: Жара оорусу.




Оксана
Ото жакшы,озумо керектуу маалымат ала алдыма!