Жапасалды кыштагы


Жапасалды кыштагы – Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кыштак. Актам айыл округуна караштуу. Ала-Бука – Кербен автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1350 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ала-Бука кыштагынан 8 км чыгыш тарапта. Наманган т. ж. бекетинен 73 км. Кыштак 1850-ж. негизделген. Калкы 1604 (2007), негизинен мал чарбасында, тамекичиликте эмгектенет. Эки орто жана музыкалык мектеп, клуб, китепкана, медпункт, бала бакча, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, ФАП, мончо иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.

2016-08-11 53 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11