Жапаров Шералы


Жапаров Шералы - (23. 9. 1936-ж. туулган, Баткен облусу, Лейлек району, Шор-Булак айылы) – тилчи, филология илимдеринин доктору (1990), профессор (1991). Кыргыз тилинин диалектологиясы, лексикологиясы, лексикографиясы, ономастикасы жана биобиблиографиясы боюнча адис. КМУнун филоло­гия ф-тин бүтүргөн (1965), Сүлүктү ш-нын, Лейлек районунун мектептеринде мугалим (1966), КМУда окутуучу, доцент (1970–77), Кыргыз Совет энциклопедиясынын Башкы редакциясында улук редактор, редакция башчысы (1977–79), КР УИАда илимий кызматкер (1979–89), И. Арабаев атындагы КМПУда кафедра башчысы, профессор (1989–2002), Нарын мамлекеттик университетинде кафедра башчысы (2002–05) болуп иштеген. Жапаров кыргыз тилинин түштүк-батыш диалектиси боюнча жыйнаган материалдарынын негизинде бир нече окуу куралын жазган. Антропонимдерди изилдөөнүн натыйжасында «Кыргыз адам аттарынын сөздүгү» (1979), «Кыргыз тилинин диалектологиясы» (1976, 1982, 2001), «Кыргыз адам аттары» (1989), «Кыргыз тилинин омонимдер сөздүгү» (1986), «Сенин ысмың ким?» (1990), «Кыргыз тилинин фонетикасы» (2001) сыяктуу эмгектерин жараткан. Кыргыз тилинин синонимдер, омонимдер, антонимдер жана фразеологизмдер сөздүктөрүн түзүүгө катышкан. Библиограф катары кыргыз лингвисттеринин чыгармачылыгын изилдеп, «Кыргыз тилчилери» аттуу эмгегин жазган (2004). Эмгектери ГДРде, Кытайда, Түркияда жана башка өлкөлөрдө жарык көргөн.

2016-08-11 49 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11