Жапаров Садыр Нургожоевич


Жапаров Садыр Нургожоевич - 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү.
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институттун педагогикалык факультетин бүтүргөн. 2006-жылы Б. Ельцин атындагы Кыргыз-орус Славян университетинин юридикалык факультетин аяктаган, юрист.

1987-1989-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, радиотелегафисттер бөлүмүнүн командири болгон.
1991-1994 жылдары «Солтонкул» чарбасынын төрагасы болгон.
1994-1996 жылдары «Кергей» мунайкомпаниясынын директору болуп иштеген.
1996-1997 жылдары (Ысык-Көл облусунун ИИБинин чакыруусу боюнча) Ысык-Көл ИИБинин атайын ротасынын инспектору кызматын аткарган.
1997-2001 жылдары мунайзат продуктыларын жөнөтүү боюнча «Гузель» компаниясынын башкы директору болгон.
2001-2005 жылдары «Нурманайгаз» мунай компаниясынын (Балыкчы шаары) башкы директору болуп иштеген.
2005 жылдын мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3 чакырылышынын депутаты болуп шайланып, "Келечек" фракциясынын жетекчиси болгон.2006 жылы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын мүчөсү болуп турган.
2007 жылы ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары болгон.2007 жылдын 22-октябрында "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин таратуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.
2008-2010 жылдары Кыргыз Республикасынын коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук агенттиктин комиссары болуп эмгектенген.
2010-жылдын октябрында "Ата-Журт" идеалисттик демократиялык партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган, сот-укук маселелери боюнча комитеттин төрагасы.

2009 – жылы Сиңирген эмгеги жана Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон олутту салымы үчүн Ысык-Көл облусунун мамлекттик администрациясынын медалы менен сыйланган.
2010 жылы "Сиңирген эмгеги үчүн" Россиялык Афганистан ардагерлер Союзунун атынан ( Афганистан ардагерлер Союзунун Россия Борбордук башкармасынын 2009-жылдын 7-декабрындагы № 485 чечиминин негизиде) Ата Мекендин жана Ата Журттун алдындагы "Сиңирген эмгеги үчүн" медалы менен сыйланган.

2016-08-11 48 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11