Жапаров Акылбек Үсөнбекович


Жапаров Акылбек Үсөнбекович - (14.9.1964-ж. туулган, Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары) – экономика илимдеринин доктору (2009), мамлекеттик ишмер, II класстагы мамлекеттик кеңешчи, КРдин эмгек сиңирген экономисти (2000). ФПИни (1986), Бишкек финансы-экономика академиясын (2002) бүтүргөн. 1986–92-ж. ФПИде кенже илимий кызматкер, комсомол комитетинин секретары, 1992–93-ж. КР Президенти жана КР Өкмөт аппараттарында жаштар саясаты боюнча бөлүм башчы, 1993–95-ж. Кыргызстан социал-демократиялык партиясында жооптуу катчы, 1995–96-ж. КРдин 1-вице премьер-министринин жардамчысы, 1996–97-ж. КР Президентине караштуу баалуу кагаздар рыногу боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү, 1997–2000-ж. КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик башкы салык инспекциясынын инспектору, Мамлекеттик салык башкармалыгынын начальниги, 2005–07-ж. Экономика жана финансы (кийин Финансы) министри, 2007–09-ж. Экономика өнүгүү жана соода министри, 2009-жылдын октябрынан 2010-жылдын апрелине чейин КРдин 1-вице премьер-министри болуп иштеген. КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты (2000–05). Рынок экономикасы шартында Кыргызстандын экономикалык өнү­гүү проблемалары жана экономиканы модерндештирүүгө арналган 50дөн ашуун илимий эмгектин автору.

2016-08-11 46 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11