Жапаров Абдыкул


Жапаров Абдыкул - (20. 9. 1920, Чүй облусу, Москва району, Жарды-Суу айылы – 2. 3. 1999, Бишкек) – тилчи, филология илимд. доктору (1967). Кыргыз ССРинин эмг. сиң. мугалими (1987). Фрунзе ш-ндагы жумушчу ф-тин бүтүргөн (1937). Улуу Ата Мекендик согушка катышкан (1940–44). Москва районундагы Будённый орто мектебинде директор, ошол эле райондун Орто-Суу орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы (1944–47). Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөн соң (1947), Кыргыз ССР агартуу министрлигинде инспектор (1947–49), КМУда окутуучу, профессор (1951–99). Илимий эмгектеринде сөз айкашынын синтаксиси, сүйлөм мүчөлөрүнүн теориясы, жөнөкөй жана татаал сүйлөмдүн синтаксиси боюнча маселелери иликтөөгө алынган. Ал 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени менен сыйланган.

2016-08-11 91 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11