Жапай мөңгүсү


Жапай мөңгүсү – Борбордук Теңир-Тоодогу ири мөңгү, Түштүк Эңилчек мөңгүсунүн бир тармагы. Бозкыр кырка тоосунун түндүк капталынан орун алган. Узундугу 10,4 км, аянты 32,1 чарчы/чакырым. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 6700 м, этеги 4060 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4100 м. Мөңгү негизинен фирн облусунда жатат. Абляция облусу Эңилчек мөңгүлөрүнүн негизги өрөөнүнө кошулгандан кийин башталат.

2. Жапай мөңгүсү — Түркстан кыр - ка тоосунун түндүк капталындагы өрөөн ти биндеги мөңгү. Каравшин суусунун алабында жайгашкан. Узундугу 5,6 км, аянты 5,6 чарчы/чакырым, анын 1,5 чарчы/чакырымдейи («тилинин» учу) морена чөкмөлөрү менен туташ капталган. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4680 м, этеги 3400 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3800 м. Абляция облусунун аянты 2,6 чарчы/чакырым. Мөңгүдөн Жапайы суусу башта - лып, Каравшин суусуна (Исфаранын оң ку - рамы) оң жактан куят.

2016-08-11 25 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11