Жаңыбаев Омор


Жаңыбаев Омор - (1916, Ысык-Көл облусу, Түп району, Арал айылы – 29. 12. 1983, ошол эле жер) – педагог, советтик-партиялык кызматкер. Кыргызстан КП БКнын алдындагы респ. убликалык партия мектепти (1951), Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтту (1955) бүткөн. Арал айылына туңгуч башталгыч мектепти курган, кийин жатаканалуу орто мектептин курулушун бүткөрүп (1958), анда 30 жылдан ашуун директор, мугалим, партиянын Жети-Өгүз райондук комитетинде инструктор (1948–51), Талды-Суу райондук «Колхоз туусу» гезитинде жооптуу редактор (1953–54) болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында колхоздун партуюмунун секретары жана оокаттуу адам катары айылдагы жетим-жесир, жакыр адамдарга материалдык жардам көрсөтүп турган. Ооруктагы эмгегинин зарылдыгынан улам согушка катышпай калгандыгына байланыштуу өз малын сатып, Кызыл Армияга жардам катары самолёт курууга 40 миң сом жөнөткөндүгү үчүн 1943-ж. И. В. Сталинден алкыш кат алган. «1941–45-ж. Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалы менен сыйланган.

2016-08-11 54 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11