Жаңы-Жер


Жаңы-Жер (аралдар тобу) – Түндүк Муз океанындагы архипелаг (аралдар тобу). Баренц жана Кара (Карск) деңиз-деринин аралыгында. Аянты 83 миң чарчы/чакырым. Маточкин Шар жана көптөгөн майда аралдар менен бөлүнгөн эки ири Түндүк (48,9 миң чарчы/чакырым) жана Түштүк (33,3 миң чарчы/чакырым) аралынан турат. Бийиктиги 1547 мге чейин (Түндүк аралында). Аймагынын 1/4ге жакын бөлүгүн муз каптап жатат, анын көбү Түндүк аралында. Көп бөлүгү арктикалык чөл зонасына, Түштүк аралынын бир аз бөлүгү арктикалык тундра зонасына кирет. Ак түлкү, деңиз айбанаттары (түлөн, суу арстаны) промысели бар. Куш «базары». Уюлдук станциялар (Кичи Кармакула, Орус Гаваны, үмүт тумшугу жана башка) жайгашкан.

2016-08-11 48 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11