Жаңы-Талап Ак-Талаа району


Жаңы-Талап (кыргызча Жаңы-Талап) — Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы кыштак. Жаңы-Талап айыл округуна караштуу. Куртка суусунун оң өйүзүндө, Нарын Казарман автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1690 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Баетов кыштагынан 45 км түндүк тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 270 км. Кыштак 1936-жылы негизделген. Калкы 2014(2009), негизинен мал чарбасы менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, дарыкана, маданият үйү бар. Мончо, үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт. Кыштакта Кыргыз эл жазуучусу Ш. Бейшеналиев туулган. Калкы - 2014 киши.

2016-08-11 71 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11