Жаңы-Талаа Кара-Кулжа району


Жаңы-Талаа (кыргызча Жаңы-Талаа) — Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы кыштак. Карагуз айыл округуна караштуу. Тар суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1220 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Кулжа кыштагынан 20 км түштүк-батыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 114 км. Кыштак 1961-жылы отурукташкан. Калкы 1 431 (2007), негизинен мал чарбасы менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, оорукана, үй-бүлөлүк врачтар тобу бар. Тегирмен, май жуаз, пилорама, мончо иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Калкы - 1 431 киши.

2016-08-11 67 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11