Жаңы-Ноокат Ноокат району


Жаңы-Ноокат (кыргызча Жаңы-Ноокат) — Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Жаңы-Ноокат айыл округуна караштуу. Кичи Алай кырка тоосунун этегинде, Чили-Сай суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1490 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 10 км батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 50 км. Кыштак 15-кылым ченде пайда болгон. Калкы - 21 049 киши, негизинен дыйканчылыкта эмгектенип, мал чарбасы менен алектенет. Эки орто мектеп, китепкана, клуб, соода түйүндөрү, дарыканалар бар. Бир АК, 2 ФАП, төрөт үйү, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт. Кыштактын түштүк тарабында таштагы байыркы жазуулар сакталган. .

2016-08-11 43 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11