Жаңы-Базар Чаткал району


Жаңы-Базар (кыргызча Жаңы-Базар) — Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы кыштак. Чаткал айыл округунун борбору. 1985-жылы чейин райондун борбору. Чаткал суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1480 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Каныш-Кыя кыштагынан 25 км батыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 362 км. Калкы 2148 (2007), негизинен мал чарбасы менен алектенет. Орто жана башталгыч мектеп, бала бакча, клуб, китепкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, мейманкана, оорукана (бейтапканасы менен), дарыкана, мечит иштейт. Беш-Арал коругунун администрациясы да ушул кыштакта жайгашкан. Кыштакка жакын Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү сакталган.

2016-08-11 87 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11