Жаңы-Акман Базар-Коргон району


Жаңы-Акман (кыргызча Жаңы-Акман) — Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Акман айыл округунун борбору. Базар-Коргон суу сактагычына жакын, деңиз деңгээлинен 740 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 12 км түштүк-чыгыш тарапта. Шамалды-Сай темир жол бекетинен 55 км. Кыштак 1956-жылы негизделген. Калкы 3825 (2007), негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Башталгыч мектеп, китепкана, клуб бар. үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, ашкана жана башка иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.

2016-08-11 69 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11