Жаңгарт суусу




Жаңгарт, суусу - Жети-Өгүз районунун аймагындагы суу, Ак-Шыйрактын оң куймасы. Какшаал кырка тоосунун түндүк капталынан агып түшөт. Узундугу 25км алабынын аянты 360чарчы/чакырым. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3700м. Эң бийик жери 5390м. Суу куралуу облусуна кирет. Жаңгарт өрөөнүнүн төрүндөгү мөңгүлөрдөн башталып, түндүк-чыгышка карай бийик тоолуу капчыгай аркылуу агат. Алабында, жалпы аянты 169,0чарчы/чакырым келген 48 мөңгү бар.
Ири куймалары: Сууктөр (оң), Тозмо-Сай, Ак-Сай, Сары-Төр (сол)жана башкалар.
Жылдык орточо чыгымы 3–4м3/сек, эң көбү июнь–июлда, эң азы февралда байкалат. Суук-Төр суусу кошулгандан кийин түндүккө карай бурулуп, Ак-Шыйрак суусуна куят.

2016-08-11 33 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11