Жаныш


Жаныш (1843, азыркы Казак Республикасы 1899, Талас өрөөнү) – белгилүү төкмө акын, казалчы, дастанчы. Атасы Абылай хандын чабуулунун туткунга кетет. Жаныш ошол жакта туулуп, чыгармачылык өмүрүнүн күрдөөлдүү учуру казак жергесинде өткөн. Ал сабаттуу адам болгон. Өмүрүнүн акырында 1876-жылы Таластагы Чат-Базар деген жерге көчүп келген. Жердештери анын үнүнүн бийиктигин, кооздугун, көбүнчө дин ырларын аткаргандыгын белгилешкен. Кат тааныган Токтогазы, Жусупбек, Сүйүнтбек, Ыса аттуу уулдары «Карагул» поэмасын өз оозунан жазып алып, ал кол жазма түрүндө эл арасына тараган. Поэма 1883-жылы Ташкентте Л. Лютш түзгөн хрестоматияда жарык көргөн. Китепте жарыяланган нускасы Жаныштан жазылып алынган, ал кол жазманын тексти менен салыштырып караганда айрым гана стилдик, лексикалык айырмачылыктар болбосо, экөө бир эле чыгарманы түзгөн. Мындан башка «Карчыга менен көгүчкөн» деп аталган диндик поэманы да айтчу экен. Бирок «Кара жаак» аталган чоң акындын бизге аз гана чыгармалары келип жеткен. Анын бири «Коён жылы» (көлөмү чакан). Коён жылында ачарчылык өкүм сүрүп, жут болуп, мал-жан кырсыкка учурап, эл жокчулуктан жабыркагандыгын, жылдын катаалдыгын баяндаган. Мындан башка бизге жеткен чыгарманын бараандуусу насили кыргыз, чыгармачылыгы казак жергесинде калыптанып, казак калкы булбул деген атак ыйгарган Жөжө (казакта Шөже аталат) Каржаубай уулу менен айтышы. Ага жердештери чоң акын катары мүнөздөйт, анын аткаруучулук жөндөмүнүн бийиктигин айрыкча бөлүп айтышат. Жөжө менен Жаныштын айтышы 1968-жылы биринчи жолу кагаз бетине түшүрүлгөн. Жөжөнүн айтыштарда тиш кагып, дасыккан чоң акындыгына карабастан, Жаныш сөздөн алдырбайт. Дээрлик бардык маалыматтарда айтышкан учурда Жаныштын отуздан ашкандыгы, Жөжөнүн жетимиштин тегерегинде экендиги маалымдалган. Беттешүү Таласка көчүп келгенден кийин өтүп, кыргыз акыны катары 1878-жылы айтышка түшкөн. Чыгарманын эки нускасы бар, алар бири-бирин толуктап турат. Бирөө М. Жунушалиевдин айтуусунда, ал Жаныштын баласы Кишенбайдан угуп үйрөнгөн экен. Экинчисин К. Алыйманов үзүндү түрүндө жаздырган. Ал айткан нускада эки акындын айтышына, ой бөлүшүүсүнө басым жасалат. Айтыш Байтиктин айылында, Байтиктин баласы Байсалдын үйүндө өткөн. Жаныш «Козу Көрпөш Баян сулуу», «Кыз Жибек», «Алпамыш» өңдүү казак поэмаларын, кыргыздын «Отор кан» деген эпосун чебер аткарган. Бирок, алардын тексти бизге жеткен жок. 11–12 муундан турган өлөңдүн кыргыздарга өтүшүндө, казал формасындагы диндик поэмаларды элге жайылтууда акындын кошкон салымы зор. Анын бир топ чыгармасын К. Мифтаков 1923-жылы эл оозунан жыйнап алган. Жаныштын «Карагул», «Карчыга, пайгамбар, көгүчкөн», «Коён жылы» аттуу чакан поэмалары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат.

2016-08-11 33 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11