Акын Эркин Жаныбеков Калинин районунун Каптал-Арык айылында 1930-жылы 21-мартта туулган.
1942-жылы мектептен 4-классты бүтүрүп, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде ар түрдүү жумуштарда иштеген.
1953–1956-жж. Фрунзедеги В. И. Ленин атындагы заводдо тиш чарыктоочу жумушта үйрөнүүчү, андан кийин тиш чарыктоочу,
1956–1975-жж. контролдоочу болуп иштеп, 1975-жылдан заводдун Маданият үйүнө караштуу «Тоо жылдызы» ансамблин жетектеген.
Заводдо иштеп жүргөн учурунда Пржевальск шаарындагы Киров атындагы орто мектепти экстерн катарында бүтүрүп,
1969-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетине сырттан окууга өтүп,
1975-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. Университетти аяктагандан кийин «Советтик Кыргызстан» гезитинде адабий кызматкер,
1976–1988-жж. Кыргыз телерадиокомитетинде адабий кызматкер болуп иштеген. 1990-жылдан ардактуу эс алууга чыккан.
Эркин Жаныбековдун балдарга арналган табышмактары жана ырлары 1953-жылдан гезит-журналдарга жарыялана баштаган.
«Жаштык сапар» аттуу жамааттык жыйнакка анын «Турмуш сыры кенч экен» ыры кирген.
1961-жылы «Спутник» деген биринчи ырлар жыйнагы жарык көргөн.
1994-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Жарык көргөн китептери