Жаныбек хан


Жаныбек хан - (15-кылымдын башы – болжол менен 1470-жылдардын ичинде) – Казак хандыгын негиздөөчүлөрдүн бири. Орус хандын тукуму, Барак хандын кичүү уулу. Ак Ордонун ханы Барак өлгөндө (1428), Кыпчактагы бийлик Абу-л-Хайр ханга өтүп, 1457-ж. Чыганактын алдындагы согушта анын колу калмактардан жеңилип, натыйжада ич ара араздыктардын пайда болушу Жаныбек хандын бир тууганы Гирей (Керей) экөөнү өздөрүнө тийиштүү улусу менен Моголстанга кетүүгө аргасыз кылган. 1458-ж. Гирей хан көтөрүлүп, ал өлгөндө (1465–66), бийлик Жаныбек ханга тийген. 1470-ж. көчмөн өзбектердин ханы Шайх-Хайдар өлтүрүлгөн соң, Дешт-и Кыпчактын басымдуу бөлүгү Жаныбек хандын колунда калган. Жаныбек хандан Иренжи, Махмут, Касым, Адик, Асик, Жаныш, Таныш, Камбар, Жадик деген тогуз уул болуп, алардын ичинен өзгөчө белгилүүлөрү Касым менен Адик. 16-кылымдын аягынан 19-кылымга чейинки Казак хандары жалаң Жадиктин тукумунан чыккан. Казак элинин калыптана башташы ушул Жаныбек хандын мезгилине туш келет. Кыргыз элинде Жаныбек ханга байланышкан көптөгөн жомоктор бар.

2016-08-11 72 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11