Жанузаков Төрөкул


Жанузаков Төрөкул - (1893, Олуя-Ата уезди (азыркы Талас облусу), Талды-Булак айылы – 1921, Түркстан АССРи, Фергана облусу) – мамлекеттик жана коомдук ишмер, кыргыздардан чыккан алгачкы чекист. 1920-ж. Түркстан АССР төрагасынын орун басары болгон. Меркедеги орус-тузем мектебин аяктап, 1909-жылдан Түркстан генерал-губернаторуна жеке жардамчы жана котормочу болуп иштеген. Жанузаков кыргыздардын ичинен биринчи болуп Россиянын мамлекеттик думасына депутаттыкка талапкер болгон. Совет бийлиги орногондо, эркиндикти, элдик бийликти колдоп, Түркстан Аткомунун 1916-жылкы көтөрүлүштөгү качкындардын иши боюнча комиссиясына төрагалык кылган. 1920-ж. сентябрь айында Түркстан элинин делегациясын жетектеп, Бакуда өткөн Чыгыш элдеринин 1-конгрессинде доклад окуп, С. Орджоникидзе, С. Киров менен чогуу Г. Зиновьев башында турган Чыгыш иштери боюнча үгүт кеңешинин мүчөлүгүнө шайланган. Саясий көз карашы боюнча Т. Рыскуловду колдоп, аны менен бирдикте Россиянын курамында өзүнчө Түркстан Республикасын түзүүнү сунуш кылган. 1921-ж. сентябрда Самаркандда өткөн Түркстан улуттук биримдигинин 6-конгрессине катышкан. Ушул конгресстен кийин Жанузаков совет бийлигинин диктатурасына ачык нааразы болуп, Түркстан элдерин өз алдынча көз каранды эмес мамлекетке айландыруу үчүн жаңы бийликтен кол үзүп совет бийлигине каршы отряддарды уюштурган. 1921-ж. Жанузаков Анжиян уездинде Исраил кор башынын тобунда жүрүп, декабрь айында кызыл аскерлер менен болгон уруштардын биринде курман болгон.

2016-08-11 51 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11