Жанузаков Болот Чыныбаевич


Жанузаков Болот Чыныбаевич (20. 10. 1948-ж. туулган, Кемин району, Чым-Коргон айылы) – генерал-лейтенант (2001). ФПИни (1970), КМУну (1991) бүтүргөн. 1970–83-ж. Сүлүктү шаардык эт комбинатында башкы инженер, комсомолдун Сүлүктү шааркомунун секретары, 1-секретары, комсомолдун Ош обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстан ЛКЖС БКнын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, партиянын Фрунзе шаар комунун инструктору, 1983–87-ж. Фрунзе шаардык ички иштер башкармалыгында саясий бөлүмдүн жетекчиси, 1987–88-ж. партиянын Нарын обкомунун бөлүм башчысы, 1988–96-ж. Фрунзе шаардык жана Чүй облусу ички иштер башкармалыгында бөлүм башчы, орун басар, 1996–98-ж. КРдин Премьер-министринин аппаратынын укук коргоо органдары жана коргоо бөлүмүнүн башчысы, 1998–2001-ж. КРдин Президентинин Администрациясынын коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүм башчысы, КРдин Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2001–02-ж. КРдин Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы, 2002–03-ж. Коопсуздук кеңешинин улук инспектору, КРдин Президентинин кеңешчиси, Президенттин администрациясынын бөлүм башчысы, 2003–05-ж. КРдин Президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары, биринчи орун басары – уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы, Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Медалдар менен сыйланган.

2016-08-11 88 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11