Жантөшев Касымалы (1904-1968)Касымалы кичинесинен эле чыйрак, сергек өскөн. Үй жумуштарына көп жардам берген, кой кайтарган. Туулуп өскөн Тепке айылындагы куудул, сөзмөр, жомокчу адамдар Касымалыга абдан таасир этип, анын көркөм сөзгө болгон шыгын ойготкон. Өзгөчө кошокчу Бурма деген жеңесинин тийгизген таасири зор. Кыштын узун түндөрүндө Касымалы жеңесинен ар кандай уламыштарды көп уга турган.

Мына ушундай турмуштук көрүнүштөр жаш баланын көркөм сезиминин өсүшүнө таасирин тийгизбей койгон жок. Жердигинен куудул, сөзмөр Касымалы өзүн артисттик өнөрдө да сынап көргөн. 1934-1946-жылдары ал кыргыз драма театрында артист жана режиссёр болуп иштеген. Бул бекеринен эмес эле, анткени анын чыгармачылык жолу да драма жазуудан башталган.

Фрунзедеги (Бишкек) педтехникумда окуп жүргөндө эле Койчулар аттуу пьеса жазып, анын башкы ролун өзү аткарган. 1927-жылы жазылган Лениндин уулу, Түшүмдө, Биз - комсомол деген пьесалары студенттик ийримде коюлган. Кыргыз драма театры да К. Жантөшевдин Карачач аттуу пьесасы менен ачылган. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Жантөшев кыргыздын баатырдык эпосунун негизинде Курманбек, Өч аттуу драмаларын жазды.

Курманбек драмасы азыр да республиканын театрларында коюлуп келет. К. Жантөшев 4 китептен турган кызык окуялуу Каныбек романын жазган. Бул романды жазуу үчүн жыйырма жылдан ашык эмгектенди. Анын Тилек, Ашуу ашкан суу аттуу илимий-фантастикалык повесттери, элдик жомоктордун негизинде жазылган Өнөрлүү балдар, Кара шумкар, Акылдуу бала, Эркин адашканда сыяктуу көптөгөн аңгемелери жана жомоктору балдардын сүйүктүү китептеринен болуп калды.

Жазуучунун үзүрлүү чыгармачыл эмгеги жогору бааланып, ага Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, эл жазуучусу деген жогорку наамдар берилген. Эки жолу Ардак белгиси ордени менен сыйланган.

Жантөшев Касымалы (1904-1968)


Касымалы кичинесинен эле чыйрак, сергек өскөн. Үй жумуштарына көп жардам берген, кой кайтарган. Туулуп өскөн Тепке айылындагы куудул, сөзмөр, жомокчу адамдар Касымалыга абдан таасир этип, анын көркөм сөзгө болгон шыгын ойготкон. Өзгөчө кошокчу Бурма деген жеңесинин тийгизген таасири зор. Кыштын узун түндөрүндө Касымалы жеңесинен ар кандай уламыштарды көп уга турган. Мына ушундай турмуштук көрүнүштөр жаш баланын көркөм сезиминин өсүшүнө таасирин тийгизбей койгон жок. Жердигинен куудул, сөзмөр Касымалы өзүн артисттик өнөрдө да сынап…

Толук маалымат менен таанышуу акылуу, 1 күнгө - 100 сом, 30 күнгө - 500 сом, 365 күнгө - 5000 сом. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз аккаунтуңузга кириңиз.

Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 2350, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23