Жанкороз Бердикожо уулу


Жанкороз Бердикожо уулу (1830, Кетментөбө өрөөнү–1910, Бешташ өрөөнү) – коомдук ишмер. Саруу уруусунан чыккан, акылмандыгы менен элге кеңири таанымал инсан. Бардар үй-бүлөдө туулган. Молдодон окуп, сабатын ачкан. Ал акыйкатчылдыгынан, даанышмандыгынан улам ири талаш-тартыш маселелерди чечүүгө чакырылып турган. Өзгөчө бугу, сарыбагыш, солто урууларынын ортосундагы чыр-чатактарды жөнгө салууга кошкон салымы чоң. 1870-жылдардан баштап Россиядан көчүп келе баштаган орус, немис калктары менен жергиликтүү элдин ортосунда ынтымак орнотууга көп күч жумшаган, келгиндер арасында кадыр-баркка ээ болгон. Түркстан генерал-губернатору Кауфман 19-кылымдын акырында Бишкекте жана Токмокто өткөн кээ бир курултайларды Жанкорозго башкарткан. Ал Олуяата уездинин башчысы В. А. Каллаурга жолугуп, ага Талас жергесиндеги байыркы эстеликтер жөүнүндө кызыктуу маалыматтарды айтып, ал бай эстеликтер келгиндер тарабынан талкаланып жаткандыгын билдирген. Ушундан кийин Ташкенден экспедиция келип, Жанкороздун коштоосунда Таластагы археол. эстеликтер м-н таанышкан. Ал бул экспедицияга Айыртамойдо ташка чегилген байыркы жазууну таап берген. Бул байыркы түрк (руна) жазуусу кыргыз тарыхында эң баалуу ачылыш болгон. Жанкороздун дагы бир зор эмгеги – аш-тойлордо байгеге адам саюу, кул, күң кылып барымтага киши берүү сыяктуу салттардын жоюлушуна жетишкен. 1870-ж. Мекеге барып, ажы болуп кайткан. Жанкороз сексен жаш курагында Бешташ өрөөнүнүн оозундагы Бүлкүлдөктүн сазы деген жерде дүйнөдөн кайткан.

Кыргызстан тарых энциклопедия.

2016-08-11 30 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11