Жандандыруу


Жандандыруу — "Манас" эпосунда жаратылыш көрүнүштөрүн же жансыз нерселерди, айбанаттарды адам сыяктуу ойлотуп, кайгыртып көрсөтүүчү стилдик көркөм ыкма же каражат. Эпостордо кеңири колдонулган бул ыкма "Манас" эпосунун поэтикасында да белгилүү стилдик-көркөмдүк мааниге ээ. Бул көркөм каражат Сагымбай Орозбаковдун вариантында, Саякбай Каралаевдин варианты нда кеңири учурайт. Эпикалык чыгармалардагы Ж-ну жандуу жаратылышты (айбанаттар, канаттуулар жана башкалар) жана жансыз жаратылышты (тоо-таш, бак-дарак, жер-суу жана башкалар) Ж. же адамдаштыруу деп шарттуу түрдө экиге бөлүүгө болот.

"Манас" эпосунда Ж-нун ушул эки түрү тең кезигет. Ушул жагдайда ар бир вариант өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Нескаранын Чабдар ат менен Төштүктүн Чалкуйругу жогоркудай сапаттарга ээ. Бул каармандардын тулпарларынын "адамдык" касиеттери жана белгилери, кызматтары жалпы элдик идеяга үндөшүп, эпостун жалпы көркөм эстетикалык мазмунунун артылышына кол кабыш этет. Нескара Манас баатырдын сырткы душмандарынан болгондуктан анын Чабдарын "адамдаштыруу" ошол душмандык, баскынчылык идеянын ишке ашырылышына багытталган. Жакыптын агасы Бай инисин издеп келе жатып, арык каздырып жаткан Нескаранын колуна түшкөндө ал аты менен сүйлөшкөнүн угат. Чабдар ээсине акыл үйрөткөн, анын келечегин таамай аныктаган көрөгөч, аяр, ээсинин тагдырына камкор буудан болуп сыпатталат. Жер астынан чыкканы аз убакыт болгон "алты эсе күчтөн айрылган", табына келе элек Чалкуйрук Көкөтөйдүн ашындагы ат чабышта: "Ачбуудандан өтсөм деп, Ашка чукул жетсем деп, Көй күлүктөн чыксам деп Көкөтөй туусун жыксам деп" (Сагымбай Орозбаков, 3. 265) ээсине намыс алып берүүгө бар күчүн үрөйт. Эгерде, Сагымбай Орозбаковдун вариантында стилдик-көркөм мындай ыкма эпостун жалпы духуна, мазмунуна өзүнчө эстетикалык, идеялык кошумча кошуп, Ж-ну фольклордук чыгармачылыктагы натыйжалуу каражат катары көрүнсө, ал эми Саякбай Каралаевдин варианты нда эпикалык поэзиянын бул өрнөктүү салты табигый түрдө улантылып, варианттын жалпы поэтикасынын деңгээлинин көтөрүлүшүнө, эмоциялуулугунун артылышына көмөктөшөт. Мында эпикалык каармандардын тулпарларын, "адамдаштыруу" менен бирге ( Алмамбет менен Сыргак тийип алган кытайлардын жылкысын баштап бараткан Карткүрөң Манаска келгендеги эпизод, Саякбай Каралаев, 2. 143) жапайы айбанаттар, мифтик жаныбарларды жана жаратылыш көрүнүштөрүн Ж-га басым коёт. Бул өзгөчөлүк манасчы нын жеке чыгармачылык өнөрүндөгү, поэтикалык ойлоосундагы касиеттерден болуп саналат. Монументалдуу образдардын бири Алмамбеттин аярлыгы, жайчылыгы жана билимдүүлүгү анын алтымыш баштуу ажыдаардан окугандыгы жана тарбия алгандыгы менен түшүндүрүлөт. Ал эми Коңурбайдын жолго койгон кырк кулач кызыл түлкүсү, куу кулжасы, жез канаттуу куу өрдөгүнүн "адамдаштырылышы" Алмамбет менен Сыргак чалгынга чыккандагы окуяларда кенен, так жана элестүү баяндалат. Алмамбет кырк кулач кызыл түлкүнү, куу кулжаны жана жез канаттуу өрдөктү билгизбей жок кылуу, аларды кабар берүүгө мүмкүнчүлүк бербөө максатында өзүнүн жайчылыгын пайдаланып аба ырайын өзгөртөт. Эпостогу түлкүнү "адамдаштыруу" кыргыз элинин фольклорундагы образ, түшүнүктөр менен байланышта берилет. Түлкү аба ырайынын өзгөрүш себептерин талдайт, Алмамбеттин келер жылын болжолдойт, байкоо жүргүзүүнүн, кабар берүүнүн "тактикасын" эстен чыгарбайт, тактап айтканда, мындагы "адамдаштыруу" фольклордук эстетиканын талаптарына ылайык куулугу, сактыгы менен айырмаланат. Ал эми кароолдо турган куу кулжаны "адамдаштыруу" бул сыяктуу ачык эмоциялуу белгилерди жана сапаттарды алып жүрбөйт. Анда Алмамбет Коңурбайдын каткан тонун таап кийип, Саралага Каныкей тиккен кепти кийгизип, сырткы көрүнүшүн өзгөртөт да, куу кулжаны мактап, анын кызматына ыраазычылыгын билгизет, аркардын үйүрүнө кошууга убада берет. Ошондо гана Коңурбай деп ойлоп, анын сөзүнө ишенип, Алмамбеттин жанына келип, андан өлүм табат. "Сейтекте" мындай салт чыгармачылык менен өнүктүрүлөт жана өзүнчө көркөм-эстетикалык озуйпага ээ көрүнүш. Кыястын Тоотору тулпары анын башына түшүүчү мүшкүлдү, кырсыкты күн мурун сезип, аларды алдын ала айтып, билдирип, ээси менен максатташ болуп, иштерине көмөктөшөт. Айчүрөккө Тооторуну берип алдатканда Кыяска тулпары аны күтүп турган алдыдагы кыйынчылыктарды айтып берүүгө ниеттенет. Бирок, Айчүрөк тилин байлап салган Тоотору тулпар эми ээсинин өчүн алууну ойлоп, аны ала качып жөнөйт. Жаратылыштын жансыз көрүнүштөрүн Ж. жандуу нерселерди "адамдаштырууга" караганда аз жолугат. Көркөм чагылдыруунун бул каражаты эпостогу башкы идеялардын, мотивдердин эмоциялуу берилишин камсыз кылуу менен бирге анын образдар системасынын мазмундуулугун да көтөрүүгө мүмкүндүк түзөт. Эпикалык чыгармалардагы трагизм өз апогейине жеткенде анын рухун, мүнөзүн тереңдетүү үчүн жансыз предметтер жандандырылат. Манастын эң жакын чоролору, эпикалык баатырлар Алмамбет , Чубак жана Сыргак окко учканда мындай оор жоготуунун, кайгынын берилиши "кайың ыйлап, тал ыйлап, аскасы бийик тоо ыйлап" сыяктуу күчөтмө сыпаттоолор менен баяндалат. Жаратылыш кубулуштарын, айбандарды "адамдаштыруу" өңдүү көркөм ыкма эпостун "Семетей", "Сейтек" бөлүмдөрүнүн поэтикасында туруктуу кездешет жана мындай көркөм каражат "Манаска" караганда жаңы белгилер, сапаттар менен кошумчаланып өрчүтүлөт. Бул эпостун жалпы идеялык-эстетикалык маңызын тереңдетүүгө, образдар системасын арттырууга, поэтикалык речтин ийкемдүүлүгүн көтөрүүгө көмөктөшкөн. Эпостун "Манас" бөлүмүндө "карагай ыйлап, тал ыйлап, аска-тоо кошо ыйлап", каармандардын башына түшкөн оор кыйынчылыкты, терең трагедияны көрсөтүүгө баш ийдирилсе, дал ушундай мотив "Семетей" жана "Сейтекте" толугу менен сакталып, жаңы кошумчалар менен ширетилгенин байкоого болот. Анткени мында, карагай, тал, тоодон башка "Жер силкинип, таш ыйлап... Асты калың жер ыйлап" (Курама варианты, "Сейтек", 25). "Жыгач боздоп, чыркырап чымчык, бото ыйлап, кара күрөң куу ыйлап" (Курама варианты, "Сейтек", 66), "Куурап салган баш да ыйлап, Аркайган зоо таш да ыйлап, Аккан булак суу ыйлап, Албан түрлүү чөп ыйлап" (Курама варианты, "Сейтек", 183) каармандардын кайгылуу абалын көрсөтөт. Табияттын мындай көптөгөн кубулуштарынын көрүнүштөрүнүн жандандырылышы андагы идеяны, трагедияны дагы тереңдетүүгө өбөлгө түзөт. Бул Сейтек, Күлчоро, Айчүрөктөр Таласка кайтып келип Каныкей, Бакайга келгендиги, кайып болгон Семетейге Күлчоро жолуккандыгы жана башкалар эпизоддордон ачык көрүнөт.

Жаратылыш көрүнүштөрүн Ж. каармандардын кайгыга же кубанычка батып турган абалын берүү үчүн гана колдонулбайт. Башкы каармандар кыйын кезеңге, кысталыш учурга кабылган мезгилде, башкача айтканда элдик идеалды андан нары туруктуу улантуу максатында баш иет. Мисалы, Байтерек Семетейди алып Букарга качып бараткан Каныкей менен Чыйырдынын кайгысын тең бөлүшүп, күңгүрөнүп сүйлөнөт. Өзөгүндөгү сүтүн берип качкындарды тоюнтат, калкалап паана болот ( Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 49—50).

2016-08-11 49 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11