Жан


Жан (грекче psyhe, латынча anima ) - тирүүлүктүн реалдуулугунун белгиси катары колдонулуп келаткан түшүнүк, жалпысынан адамдын, жаныбарлардын психикалык жашоосуна жана ички дүйнөсүнө карата тарыхый жактан өзгөрүлүп туруучу көз караштарды туюндурган атама катары мүнөздөлөт, кайсы бир учурда «психика» термининин синоними катары да колдонулатемир жол түшүнүгү көп маанилүү жана мазмуну жагынан да ар түрдүү чечмеленет.

Денеге эч кандай көз каранды болбогон, материалдуу эмес өзгөчө бир түпбашат (субстанция), адамдын жана жаныбарлардын денесинде (кээде өсүмдүктөрдө) жашап, алар өлгөндө ошол денени таштап (кээде башка денеге өтүп алып), өз алдынча жашай берүүчү өзгөчө бир рухий нерсе. Теисттик диндерде адамдын Ж-ы дегенде бул Кудай жараткан, өлбөс, кайталанбас рух башатын түшүнүшөт.

Өзүнчө бир бөлөкчө жашаган, материалдык эмес башталыш, бирдиктүү дүйнөбашаттын өнүгүшүнүн эң жогорку формасы.

Адамдын ички рухий дүйнөсү, жогорку уюшулган материянын касиети катары анын өздүк аң-сезими.

Инсанга таандык жана ага мүнөздүү рухий касиеттердин жыйындысы.

Жан түшүнүгү адамдын жана жаныбарлардын денесинде (кээде өсүмдүктөрдө) жашап, алар уктаганда же өлгөндө таштап кетүүчү өзгөчө күч жөнөндөгү анимисттик ой жүгүртүүлөргө барып такалат.

Индиянын диний философиясындагы, орфиктер менен пифагорчулардын ж. б. концепцияларындагы метемпсихоз (жандын орун которушу) жөнүндөгү окууга байланышкан.

Индус философиясынын мектептеринде Жан жөнүндөгү окуу атман концепциясын – субъективдүү рухий башталыштын, жекече «Мендин» нугунда өнүккөн. Жандын болбостугу, анын куру кыялда гана жашоосу тууралуу теория менен бурканчылык чыгып, ал Жан жашоонун психофизикалык элементтеринин тынымсыз агымы – Дхарм менен алмашылып турат деп эсептеген.

Байыркы грек натурфилософиясы жалпы космосту жандуу деп эсептеген (гилозоизм). Платон жана неоплатонизм дүйнөлүк Жанды болмуштун универсалдуу принциптеринин бири деп эсептеген окууну өнүктүргөн. Аристотелдин түшүнүгүндө Жан – жандуу денеден бөлүнбөс активдүү, максаттуу башталма («форма», энтелехия) («Жан жөнүндө»трактат). Орто кылымдагы христиан жана мусулман философиясынын ортодоксалдуу теисттик концепцияларында адамдын Жан – Кудай жараткан өлбөс – өчпөс кайталангыс руханий башталма дешсе, пантеисттик авероизм аны бирдиктүү рухий субстанциянын жекече көрүнүшү деп эсептейт.

Жаңы европалык философияда Жан термини сөздүн чыныгы маанисинде адамдын ички дүйнөсүн, анын жекече аң-сезимин түшүндүрүү үчүн колдонула баштаган. Декарттын дуалисттик философиясы жан менен денени өз-өзүнчө эки бөлөк субстанцияга бөлсө, Лейбниц жанды жабык субстанция, монада катары карайт. Кант Жан түшүнүгүн тажрыйбанын чегинен адамдын таанып билүүчү мүмкүнчүлүгүн шарттаган трансценденталдык идеялардын тармагында өткөрөт.

19-кылымдын ортосунан өнүгө баштаган эксперименталдык психологияда Жан түшүнүгү бир кыйла деңгээлде психика түшүнүгү менен сүрүлүп чыгарылат. 19-кылымда Жан түшүнүгү философиянын алкагынан бара-бара сүрүлүп, Шопенгауэрдин жашоого эрк концепциясы, Э. Гартмандын аң-сезимдик жөнүндөгү окуусу, Беркондун жашоого кумарлыгы, Фрейддин психоанализи, Ясперстин психопаталогиясы – ушулардын баары жанды таанышпагандары менен Жан жөнүндөгү илим катары психология тарыхынын бийик белестери.

2016-08-11 27 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11