Жамашев Зулумбек


Жамашев Зулумбек (15. 2. 1924-жылы туулган, Жалал-Абад облусу Сузак району, Кара-Көл айылы) – юрист, коомдук ишмер. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген юристи (1974). 1950-жылы Фрунзедеги эки жылдык юридикалык мектепти бүткөн. 1942–44-жылдары «Большевик» колхозунда колхозчу, почточу, Сейдикум айыл советинде секретарь, финансы агенти, 1944–48-жылдары Ачы райондук сотунда секретарь, сот аткаруучу, 1950–51-жылдары Ачы, Ленин (азыркы Ноокен) райондорунда прокуратуранын тергөөчүсү, 1951–57-жылдары Ленин райондук сотунда, 1957–59-жылдары Жалал-Абад облусунун сотунда төрага, 1959–67-жылдары Ош облусунун сотунда төраганын орун басары, 1967–71-жылдары Кыргыз ССР Жогорку сотунда судья, 1971–74-жылдары Ош облусунун юстициянын начальниги болуп иштеген. 1974–90-жылдары Кыргыз ССР Жогорку сотунун төрагасы, ошондой эле СССР Конституциясына ылайык СССР Жогорку сотунун судьясы кызматын да кошо аткарган. 1990–91-жылдары Кыргыз ССР Юстиция министрлигинде Жарандык актылар башкармасынын начальниги, 1991–98-жылдары Жалал-Абад облусунун жаратылышты коргоо коомунда төрага, 1995–98-жылдары облусунун ардагерлер кеңешинин төрагасы болуу менен бир эле мезгилде Кыргызстан элдеринин ассамблеясында облусунун бөлүмдүн төрагасы, 1998–2005-жылдары Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысына коомдук кеңешчи болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (9-, 10-, 11-чакырылышы) болгон. Манас, «Ардак Белгиси» ордендери, «Даңк» жана башка медалдар менен сыйланган.

2016-08-11 33 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11