Жамансариев Шайык



Акын, жазуучу, журналист Шайык Жамансариев Ак-Суу районунун Тепке айылында 1915-жылы 5-майда туулган. 1929-жылы Фрунзе шаарындагы педагогикалык техникумду, андан кийин мамлекеттик педагогикалык институттун тарых факультетин бүтүргөн. 1948-жылы Москвадагы Жогорку партиялык мектептин бир жылдык журналистика бөлүмүн аяктаган. Ал 1935–1937-жж. «Кыргызмамбаста» редактор, 1938–1940-жж. Жалал-Абад, кийин Каракол шаарларындагы окуу жайларында мугалим, 1940–1943-жж. Компартиянын Балыкчы райондук комитетинде бөлүм башчы, Ысык-Көл обкомунда лектор, 1943–1952-жж. облустук «Ысык-Көл правдасы» гезитинин башкы редактору, 1953–1974-жж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин социалдык-маданият иштери боюнча бөлүм башчы, кийин Элге билим берүү министрлигинин кадрлар башкармасынын начальниги, 1974–1986-жж. «Эл агартуу» журналынын башкы редактору болгон. Ш. Жамансариевдин чыгармачылыгы Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде башталып, алгачкы «Ушул жыл», «Мекенди сүйүү» деген ырлары «Ысык-Көл правдасы» гезитине 1942-жылы жарыяланган. 1934–1935-жж. А. П. Чеховдун «Мальчики», А. А. Фадеевдин «Метелица», В. В. Тихоновдун «Черт», В. М. Гаршиндин «Лягушка путешественница» деген чыгармаларын которгон. 1943-жылы «Маданият майданы» журналына «Кутман чал» аттуу ыр менен жазылган поэмасы басылып чыккан. Жазуучунун макалалары, очерктери, ырлары, фельетондору басма сөз беттеринде жарыяланган. Ал «Ардак белгиси» ордени, 7 эмгек жана юбилейлик медалдар, Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин 3 Ардак грамоталары менен сыйланган. Ага «Кыргызстандын Эл агартуу ишине эмгек сиңирген ишмер» жана «СССР эл агартуу отличниги» деген наамдар берилген. Ш. Жамансариев Ысык-Көл облустук кеңешине эки жолу депутат, партиянын облустук комитетине эки жолу мүчө жана бюро мүчө болуп шайланган. 1986-жылы Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн персоналдык пенсияга чыккан. Жазуучулар жана журналисттер союзунун мүчөсү.

2016-08-11 31 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11