Жаманбаев Муратаалы Жүзүмалиевич


Жаманбаев Муратаалы Жүзүмалиевич - (23.2. 1952, Чүй облусу, Аламүдүн району, Кара-Жыгач айылы) – физика-математика илимдеринин доктору (1999), профессор (2002). КМУну (1974), КР УИАнын Автоматика институтунун аспирантурасын (1980) бүтүргөн. 1976–86-ж. КР УИАнын Автоматика институтунда инженер, илимий кызматкер, 1986–2000-ж. КАЧИде мугалим, КАУда кафедра башчысы, 2000–01-ж. КРдин Билим берүү, илим жана маданият министрлигинде Илим боюнча башкармалыктын башчысы, 2001-–06-ж. КРдин Өкмөтүнүн алдындагы Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча Мамлекеттик агенттикте башкармалыктын башчысы, КТМИде профессор болуп иштеген. 2006-–10-ж. И. Раззаков атындагы КМТУнун ректору, 2010-жылдан профессор Суюктук, газ жана плазма механикасы тармагы боюнча адис. 50дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 5 монографиясы жарык көргөн.

2016-08-11 29 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11