Жаманбаев Акматбек Сагынович


Жаманбаев Акматбек Сагынович - (5.12.1933, Чүй району, Дөң-Арык кыштагы – 23.08.1992, Бишкек) – техника илимдеринин доктору (1972), профессор (1973). КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2007, өлгөндөн кийин), 1955-ж. КАЧИни бүтүргөн соң, Тянь-Шань облустук айыл чарба башкармасында инженер, башкы инженер, Кыргыз ССР ИАда суу чарба жана энергетика боюнча илимий кызматкер жана лаборатория башчысы (1955–67), ФПИде проректор, кафедра башчысы, декан (1967–88), Түштүк кыргыз окуу-илимий борборунда директор (1988–92), КРдин билим берүү министринин биринчи орун басары (1992) болуп иштеген. Жаманбаевдин жетекчилиги астында түтүнсүз, сууга жана ысыкка туруктуу көмүр брикеттерин алуунун жаңы технологиясы иштелип чыккан, 7 монография жана 20дан ашык илимий эмгектин автору. Ал Кыргыз ССРинин Жогорку Советине, Фрунзе шаардык советине бир нече жолу депутат болгон. Эмгек Кы­зыл Туу ордени, медалдар менен сыйланган. СССР энергетикасынын жана электрлештирүүнүн, Кыргыз ССРинин элге билим берүүсүнүн, СССР жогорку мектебинин отличниги. Анын ысмы Бишкек шаарындагы көчөгө, Оштогу Табигый ресурстарды пайдалануу ИИИге, И. Раззаков атындагы КТУда кафедрага, Чүй районундагы айылга жана Чапаев айылындагы толук эмес орто мектепке берилген.

2016-08-11 82 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11

Диляра
Биздин мектеп ушул улуу инсандын атын алып журот. Чапай айылындагы А.Жаманбаев атындагы толук эмес орто мектеби